Р.И.Отунбаева «Илимий маалыматтарга негизделген билим берүүгө эл аралык баа берүү (ISEE)» деген тегерек столго катышты

March 31, 2022, 22:30

2022-жылдын 25-мартында Кыргызстандын экс-президенти, ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атындагы тынчтык жана туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү боюнча институтунун Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү Роза Отунбаева Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында Expo 2020 көргөзмөсүндө өткөн «Илимий маалыматтарга негизделген билим берүүгө эл аралык баа берүү (ISEE)» деген тегерек столго катышты.



Роза Исаковна ISEE’нин Консультациялык кеңешине кирет жана тегерек столдун ишинин жыйынтыктары боюнча корутунду сөз сүйлөдү.


Маалымат: Эл аралык илимдин жана иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде билим берүүнү баалоо программасы (ISEE) ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атындагы тынчтык жана туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү боюнча институтунун (MGIEP) демилгеси болуп саналат жана билим берүү процессинин келечегине анын салымы болуп саналат. ISEE толук баа берүүсүн 45 өлкөдө билим берүү чөйрөсүндө иштеп жаткан ар түрдүү дисциплиналардын 300дөн ашык көрүнүктүү эксперттери түздү.