«Бөбөк ыры» Республикалык бөбөктөргө арналган ырлардын кароо-сынагы жыйынтыкталды

November 14, 2013, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондусу, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги, Кыргыз Республикасынын маданият, туризм жана маалымат министирлиги жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы республикалык алкактагы бөбөктөргө арналган ырлардын кароо сынагынын жыйынтыктады. 

 

Тандоо туру 5 ноябрь күнү саат 9:00 дон 18:00 чейин М.Абдыраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатында өттү. Бардыгы Республикалык турга жүздөн ашык акын композиторлор жана эки жүздөн ашык кенже курактагы аткаруучу бөбөктөр, балдар ансамбльдери, бала бакча иримдери чогулушту. 

 

Калыстар тобунун курамын белгилүү маданият ишмерлери жана коомдук ишмерлер Чокиев Т., Казиев А., Карымшаков А., Койчукулова Ж., Мамазаирова М., Сейдакматова Ж., Эралиева К., Эсенгулова Г. толукташты. Сынактын жыйынтыгы боюнча “Гран-при”, “Обондуу ыр”, “Мыкты ыр” жана “Мыкты аткаруучу” номинацияларында жеңүүчүлөр аныкталды. 

 

Сыйлык тапшыруу аземи 6-ноябрь күнү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында саат 14.00 салтанаттуу Гала-концертте өткөрүлдү. Салтанатта бөбөктөрдүн эң мыкты ырлары аткарылды. 

 

Иш-чарага “Байтур” корпорациясы, “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” компаниясы, “Нобель” фармацепттик фабрикасы жана “Svetofor.kg” интернет магазини демөөрчүлүк көрсөтүшүп, катышуучуларга мыкты белектерди тапшырышты.

 

Сурап билүү телефондору: 996.312.660.382, +996.551.772.667 – Адельфия Аманкулова,”Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун PR-менеджери