Проект Санарип 50+ өзүнүн ишин улантууда

March 15, 2022, 10:42
10-11-март күнү КР УИАнын профсоюзунун мүчөлөрүнө "Санарип 50+"долбоорунун алкагында билим берүү жана илимде санарип технологияларын колдонуу боюнча тренинг болуп өттү.

«Санарип 50+» долбоору орто жана улуу муундагы жарандардын санариптик технологолияларды колдонууусуна багытталган.

Долбоор «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана KICB банкы тарабынан ишке ашырылып жатат.

Эки күндүк тренингде смартфон, маалыматтык технологияларды жана мобилдик тиркемелерди колдонуу, интернеттеги негативдүү учурлардан өзүн коргоо, билим берүүдө онлайн платформаларды пайдаланып окуу материалдарын,визуалдык материалдарды түзүү, илимий изилдөөлөр үчүн маалыматтык базаларды пайдалануу сыяктуу темалар өтүлдү.