2012-ЖЫЛ: «Музыка менен бирге»

January 31, 2022, 00:47

Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн классикалык музыканын «Музыка менен бирге» лекция-концерттеринин цикли 2012-жылдын октябрында старт алды жана 2013-жылдын майында аяктады. Циклге 12 уникалдуу лекция-концерт кирди, алардын ар бири атайын темага арналды, алар бишкектиктердин жаңы муунун музыканын ар түрдүү жанрлары жана стилдери, оркестрлер жана башка жамааттар, опералык үндөр, белгилүү композиторлордун жана аткаруучулардын ысымдары, музыкалык аспаптар менен тааныштырды. Лекция-концерттер жаш угуучулардын маданий деңгээлин жогорулатууга, классикалык мурас жагынан алардын түшүнүгүн кеңейтүүгө багытталды.