Фонддун 10 жылдыгына арналат: 2012-жыл

January 16, 2022, 22:15

2012-жылдын январында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду түзүлгөн.

 

Быйылкы жылы Фонд 10 жылдык мааракесин белгилейт жана бул окуя айрым жыйынтыктарды чыгаруу үчүн негиз берет.

 

Бул жылдардын ичинде биз зор жана маанилүү иштерди аткардык, алар төмөнкүлөргө багытталган:

· адамды өнүктүрүүгө, жарандык катышууну кеңейтүүгө, жарандык коомду чыңдоого көмөктөшүүгө;

· билим берүүчү, маданий, экологиялык жана кайрымдуулук программаларын жана долбоорлорун жүзөгө ашырууга;

· тынчтыкты сактоочу демилгелерди колдоого, эл аралык саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматташтык маселелери боюнча коммуникациялык аянтчаларды кеңейтүүгө.

 

Фонддун көп сандаган демилгелери жана долбоорлору борбор шаардын жана өлкөнүн алыскы региондорунун балдарына жана чоң кишилерине, жаштарына жана кары-картаңдарына, тургундарына, билим берүү, маданий, медициналык мекемелерине, балдар бакчаларына, мектептерге, ЖОЖдорго, музейлерге, театрларга, китепканаларга багытталды.

 

Ушул мааракелик жылда бардыгы эмнеден башталганын эске түшүрүүнү сунуш кылабыз, ушул он жыл аралыгында ишке ашырылган бардык демилгелер жана долбоорлор жөнүндө айтып беребиз, кандай натыйжаларга жетишкенибизди көрсөтөбүз жана, албетте, келечек пландарыбыз менен бөлүшөбүз.



2012-жыл – Фонддун ишинин биринчи жылы төмөнкүдөй бир нече демилгелерди жана масштабдуу долбоорлорду ишке киргизүү менен белгиленди:


  • мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү боюнча «Мектепке карата даярдоо жылы» долбоору
  • мекендештердин биринчи «Мекендештер» Форуму
  • мектеп окуучулары үчүн классикалык музыканын концерт-лекцияларынын «Музыка менен бирге» цикли
  • «DiscoverAsia» маалыматтык-билим берүү демилгеси
  • ата-энелер, педагогдор, тарбиячылар, психологдор, студенттер үчүн ачык туруктуу лекциялардын жана тренингдердин «Балалык мектеби» цикли


Фонддун уюштуруучусу Роза Исаковна Отунбаеванын демилгеси боюнча иш жүзүндө алгачкы күндөрдөн тартып Кыргызстандын жаш муунунун арасында китеп окуунун жана адабияттын баалуулугун даңазалоо боюнча иш башталды.

 

2012-жылы Фонд Кыргыз Республикасынын кесиптик жана эксперттик жамааттары үчүн Бангладеш, Кытай жана Индия сыяктуу өлкөлөргө бир нече стади турларын (тажрыйба алмашуу боюнча визиттерин) уюштурду.

 

Ал жылы Фонд микро-финансылык иш боюнча мыйзам долбооруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талдоону жана сунуштамаларды даярдоодо Кыргыз Республикасынын микро-финансылык уюмдары менен жигердүү кызматташты. Бул толуктоолор жана өзгөртүүлөр бир нече жолугушуулардын учурунда, анын ичинде 2012-жылдын мартында Микро-финансылык уюмдардын Ассоциациясынын улуттук форумунда, ошондой эле 2012-жылдын июнунда эки парламенттик комитеттин ортосундагы жогорку деңгээлдеги жолугушууда каралды.

 

Бардык ушул жана башка демилгелер жана долбоорлор жөнүндө биз өзүбүздүн кийинки материалдарыбызда сөзсүз түрдө кең-кесири айтып беребиз.

 

Өткөрүп жибербегиле!