"Бүт Кыргызстан китеп окуйт" акциясына Бишкек ш. вице-мэри Мозгачева Виктория Андреевна катышты

January 3, 2022, 10:17

2021-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарынын №68-мектеп-гимназиясында "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фондунун "Бүт Кыргызстан китеп окуйт” демилгесинин алкагында иш-чара болуп өттү.


Башталгыч мектептин окуучуларына жаңы жылдык белек катары Бишкек шаарынын вице- мэри Мозгачева Виктория Андреевна китеп окуп берди. Өлкө боюнча жаңы жылдык иш-чараларга даярдыктарды көрүп жатканына, убакыттын аздыгына карабастан мүмкүнчүлүк таап, балдарга китеп окууп, алар менен кеңири маек куруп бергени үчүн Фонддун атынан Виктория Андреевнага терең ыраазычылык билдиребиз!


“Бүт Кыргызстан китеп окуйт” демилгесинин максаты: ар бир жараныбызды балдарына китеп окуп берүүгө, ар бир маданий мекемеде туруктуу китеп окуу акцияларын өткөрүү менен коомчулукта китеп окуу зарылдыгы боюнча маалымдуулугун жогорулатуу.

Бүгүнкү күнү биздин өнөктөштөр: ББИ министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Ч.Айтматов атындагы коомдук фонд, Коомдук телерадио корпорациясы, ЮНЕСКО ж.б көптөгөн Эл аралык уюмдар.

Акция-демилге бир жылга созулуп залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата жыйынтыгы чыгарылып, жигердүү демилгелер аныкталат.