"Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү иш-аракеттердин" алкагында 2021-жылдын 14-декабрында Ош шаарында, Ош мамлекеттик университетинде «Поэзия зомбулукка каршы» кербени болуп өттү.

December 15, 2021, 11:43
"Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү иш-аракеттердин" алкагында 2021-жылдын 14-декабрында Ош шаарында, Ош мамлекеттик университетинде «Поэзия зомбулукка каршы» кербени болуп өттү.

Акциянын алкагында гендердик зомбулук жана ага каршы аракеттердин маанилүүлүгү темасында акындардын чыгармалары жаңырды.

Иш-чарага "Поэзия сени сүйөм" поэтикалык жыйнактын автору. "Эргүү" улуттук театр сыйлыгынын ээси, белгилүү акын, журналист-Нуркыз Рыскул кызы, А.Осмонов атындагы адабий сынактын ээси, белгилүү акын, бир канча китептин автору, алып баруучу- Акбар Кубанычбеков, белгилүү акын, А.Осмонов атындагы, Ч.Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктардын ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, бир канча китептердин автору- Бердибек Жамгырчиев,белгилүү акын,Түрк дүйнөсүнүн жаш жазуучулар союзунун Кыргызстандагы жетекчиси,Мевлана Желаледдин Руминин 800 жылдык мааракесине арналган Республикалык мелдештин баш байге ээси, Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси. Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун "Беш акын" телетаймашынын жеңүүчүсү- Алтынбек Исмаилов, Зайырбек Ажыматов атындагы сыйлыктын лауреаты, “Беш акын” теледолбоорунун жеңүүчүсү-Мелис Маматжан уулу катышышты.

«Поэзия зомбулукка каршы» кербенинин максаты – өлкөнүн аймактарындагы жаштардын гендердик зомбулукка чыдамсыздык маданиятын өнүктүрүү жана аны алдын-алуунун маанилүүлүгү боюнча маалымдоо болуп саналат.

Акындар поэзия аркылуу эл үчүн маанилүү жана актуалдуу маалыматтарды түркүн түстүү, эмоционалдуу, калыс жеткире алышат. Поэзия кечесинин көрүүчүлөрүн акындар чыгармалары аркылуу, сезимдерге, башынан өткөн окуяларга терең сугарышат. Поэзия кечелери калк үчүн маалыматтык-агартуу кампаниясынын өтө эффективдүү, эмоционалдуу жана интерактивдүү куралы болуп саналат.

Акциянын негизги максаттуу аудиториясы жаштар (17-25 жаштагы балдар жана кыздар) болот - булар мамлекеттик университеттердин студенттери. Статистика көрсөткөндөй, зордуктоо жана зордуктоого аракет кылуу боюнча кылмыштарды көбүнчө 18-24 жаш курактагы жаштар жасашат. Жаштардын көпчүлүгү ички жана тышкы миграция процесстерине жигердүү катышышат жана өз коомчулугунан алыс болгон учурда алар азыраак көзөмөлгө алынат, бул көбүнчө аларды укук бузууга түртүшү мүмкүн. Өлкөнүн аймактары үчүн бүгүнкү күнгө чейин жаштар арасында турмушка чыгуу максатында кыздарды ала качуу маселеси көбүрөөк мүнөздүү.

Жаштар арасында COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттеринен келип чыккан психологиялык стресстин жана тынчсыздануунун деңгээли да жогору болуп келүүдө. Бул жагынан алып караганда, акындардын ырлары да арт-терапиянын элементи болуп саналат жана көрүүчүлөрдү эс алдыруучу таасирине ээ.

Ушул себептерден улам аймактарда жаштар менен иштөөгө көңүл буруу максатында “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү акциянын” алкагында “Поэзия зомбулукка каршы” кербени уюштурулуп жатат.

"Поэзия зомбулукка каршы" кербени “ТЕҢДИК НУРУ” глобалдык демилгесинин алкагында "Ысык-көл сабаты" коомдук бирикмеси жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулуп жатат. Программа БУУнун Туруктуу Координаторунун Кеңсесинин жалпы координациялоосу жана агенттиктердин – БУУнун Аялдар, БУУнун Өнүктүрүү Программасы, БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ), БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, БУУнун түздөн-түз катышуусу жана ошондой эле калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) Европа Бирлигинин (ЕБ) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.