"Роза Отунбаеванын демилгеси" Фонду Топчугүл Шайдуллаеваны "Алтын калем" сыйлыгын алышы менен куттуктайт

December 13, 2021, 09:30

2021-жылдын 12-декабрында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун кызматкери, жазуучу,публицист Топчугүл Шайдуллаева “Алтын калем” сыйлыгын алды.  


"Роза Отунбаеванын демилгеси" Фондунун жалпы жамааты сыйлык ээсин чын жүрөктөн куттуктайт. Топчугүл айым, Республикалык деңгээлдеги сыйлыкта жеңүүчү болушунуз менен! Сизге чың ден соолук, ишиңизге ийгилик, бакубат жашоо жана чыгармачылык эргүү каалайбыз! Сиздин калемиңизден жаралган чыгармалар калкыбыздын дилин тазартууга,жаратмандыкка жана жакшылыкка чакырат деп ишенебиз!


Республикалык “Алтын калем” сыйлыгын тапшыруу аземи 12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана Улуттук адабият күнүнө карата өткөрүлүп келет.“Алтын калем” адабий сыйлыгы адабияттын поэзия, проза жана драматургия жанрлары боюнча ыйгарылат. Сынакты КР Жазуучулар Союзу жана КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурду.


“Алтын калем” адабий сыйлыгы адабияттын поэзия, проза жана драматургия жанрлары боюнча ыйгарылат. Сынакты  КР Жазуучулар Союзу жана КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурду.