Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын жеңүүчүсү сыйланды

December 12, 2021, 20:55

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фонду жана “РухЭш” сайты негиздеген акын Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын жеңүүчүсү Мелис Маматжан уулу сыйланды. Иш-чара 2021-жылдын 12-декабрында –кыргыз адабиятынын күнүнө карата Супара этно-комплексинде өттү.


Абадий конкурстун жеңүүчүсү Мелис Маматжан уулуна Зайырбек атындагы төш белги, диплом жана экс-Президент Роза Исаковна Отунбаеванын атынан 100 миң сом ыйгарылды. Сыйлыкты тапшырып жатып “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу жетекчиси Догдургүл Кендирбаева, Фонд 2016-жылдан бери акындарды даңазалоо максатында 100 акындын поэзия кечесин өткөргөнүн белгиледи. “Зайырбек менен тынымсыз иштедик, ыр менен айтканда кулактан кирип, жүрөккө тийип мээни козгой турган ырларды жазчу эле”-деди Догдургүл Кендирбаева.


Сыйлыктын ээси Мелис Маматжан уулу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондуна, “Рухэш” сайтына ыраазычылык сөзүн айтып, Зайырбек Ажыматовдун акынга таандык өзгөчө мүнөзү тууралуу белгиледи. “З. Ажыматов  ырларынан чагылып турган инсан болчу. Акындын ырларын илимпоздор дагы ачып берээр, биз ал ырларды дагы ар тараптан жайылтканга аракет кылабыз”-деди Мелис Маматжан уулу.


Эскерте кетсек Зайырбек Ажыматов атындагы адабий конкурс экинчи ирээт өттү.Жеңүүчүнү “РухЭш” сайтынын “Казына” адабий эксперттер тобу аныктады.