Роза Отунбаева Империал-Спрингс Эл аралык форумунун (ISIF) он-лайн сессиясына катышты
December 10, 2021, 09:152021-жылдын 5-декабрында
Кыргызстандын
экс-Президенти, Мадрид клубунун мүчөсү Роза Отунбаева Империал-Спрингс Эл аралык форумунун (ISIF) он-лайн
сессиясына катышты.
2021-жылдагы Imperial
Springs Эл
аралык форумунун
темасы – «Көп тараптуулук 2.0: постпандемиялык мезгилде глобалдык кызматташтык». Форумга
гибриддик форматта онлайн, ошондой эле жеринде жалпысынан 30дан ашык
өлкөдөн саясий, академиялык жана ишкер
чөйрөлөрдөн 160тан ашык мейман, анын ичинде 35 мурдагы мамлекет башчылары, өкмөт
башчылары жана эл аралык уюмдардын лидерлери,
белгилүү эксперттер жана илимпоздор, 30 чет өлкөлүк элчилер жана Кытайдагы эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Форумду Кытай Эл Республикасынын
(КЭР) Президенти Си Цзиньпин ачты, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын
вице-президенти Ван Цишань жана Словениянын
экс-Президенти жана Мадрид
клубунун Президенти Данило Тюрк саламдашуу менен сөз сүйлөдү.
Роза Отунбаева жаңы
технологияларды, санариптик жана жасалма интеллектти өнүктүрүүгө арналган
панелдик сессияга катышты.