ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун ментордук программасынын биринчи этабынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт

October 28, 2021, 08:38

30-октябрда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун ментордук программасынын биринчи этабынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чараны уюштуруп жатат.

 

Иш-чара КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу Роза Исаковна Отунбаеванын жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольмдун катышуусу менен «Hyatt Regency Bishkek» отелинин Шайыр залында өтөт.

 

Иш-чаранын учурунда ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун ментордук программасынын биринчи этабынын жыйынтыктары чыгарылат, долбоордун менторлоруна уюштуруучулардан ыраазычылык билдирилет жана белектер тапшырылат.

 

Эске сала кетсек, беш ай бою 113 ментор Бишкектин, Ош жана Чүй областтарынын пилоттук мектептеринин 7-10-класстарынын окуучу кыздары – 800 менти менен иш алып барды.