Куршаб айылында үч сааттык мектепке чейин даярдоо топтору менен балдар бакчасы ачылды

November 11, 2013, 06:00

“Роза Отунбаеванын демигеси” эл аралык коомдук фондусу «Human Appeals International» эл аралык уюмдун каржылоосу жана жергиликтүү бийликтин көмөктөшүүсү менен Ош областына караштуу, Өзгөн районунун Куршаб айылында алгачкы жолу уч сааттык мекьтепке даярдоо топтору менен балдар бакчасын ачты. Балдар бакчасы Батыраалы Усманов атындагы айыл мектебинин базасында ачылды.


10-ноябрь күнү Куршаб айылында “Алтын ачкыч” балдар бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага айыл тургундары катышып, областык жана райондук башкармалыктан өкүлдөр, өнөктөштөр жана коноктор катышышты.


Балдар бакчанын ачылышы 300 балага билим алып, мектепке даярданып, өз жөндөмдүүлүктөрүн өрчүтүүгө мүмкүнчүлүк ачып берди. Ошондой эле, беш жумушчу орун пайда болуп, балдар бакчасы орногон мектептин имараты толук оңдолуп, түзөлдү. Бөлмөлөр жаңы заманбап эмеректер менен жабдылып, балдарды өнүктүрүүчү чөйрө түзүлдү. Балдар бакчасы 12 топко эсептелген, анын ичинде 3 жаштан өйдө курактагы балдарга багытталган толуктоочу топтор да бар: 2 логопеттик топ жана кулагы чала уккан балдар үчүн өзүнчө бир топ. Балдар бакчасынын ичи керектөөчү оюнчуктар жана жабдуулар менен камсыздалган.


«Бүгүнкү күндө мамлекттен жана ата-энеден көп каржылоону талап кылбаган альтернативдүү балдар бакчаларынын моделдерин издеп табуу керек. Эң негизгиси, кенже курактагы балдар билим алып, өнүгүп, мектепке даярдык көрүшү керек.» - деп билдирди өз сөзүндө “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Жибек Койчукулова.


«Алтын ачкыч» балдар бакчасы бул региндо үч сааттык мектепке даярдоо топтору менен ачылган, мектеп базасындагы алгачкы тажырыйба. Буга чейин мындай тажырыйбалар, Сокулук, Панфилов жана Бакай-Ата райондорунда болуп келген.