"Тынчтык, ынтымак кербени” Ош жана Баткен облустарына барат

October 24, 2021, 17:50
Бириккен улуттар уюмунун Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен БУУнун Аялдар түзүмү жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду “Коомдун инклюзивдүү жана тынч өнүгүүсү үчүн миграцияга дуушар болгон аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун жыйынтыгы менен Ош жана Баткен облустарынын айылдарында “Тынчтык, ынтымак кербенин” өткөрөт.

Иш чаранын негизги максаты - акындар менен жолугушуу аркылуу тынчтык, социалдык жана гендердик теңчилик идеяларын жайылтуу, коомчулукта тынчтыкты орнотууга аялдардын салымы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу;  "Тынчтык, Ынтымак кербенинин" алкагында акындар  "Акындар тынчтык жана достук үчүн" ураанынын астында өтүүчү иш-чараларга катышат. Алар коомдун ар бир мүчөсүнүн теңчилигин, биримдигин, сабырдуулугун, кызыкчылыктарын  сыйлоого чакырышат. Теңдик жана социалдык адилеттүүлүк идеяларын тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоонун негизги шарттары катары жайылтууга үндөшөт. Бардык иш -чараларда гендердик жана социалдык теңчилик идеялары активдүү пропагандаланат, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту алдын алуу, чыр -чатактарды алдын алуу жана азайтуу чакырыктары жайылтылат.

“Тынчтык,ынтымак кербени” 2021-жылдын 25-октябрында Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак жана Орозбеков айылдарында, 26-октябрда Ош облсунун Ноокат районунун Бел айылында өтмөкчү.


Маалымат:“Коомдун инклюзивдүү жана тынч өнүгүүсү үчүн миграцияга дуушар болгон аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоору БУУнун Тынчтык куруу фондунун каржылык колдоосу менен 2020-жылы 6 пилоттук айылда ишке ашырылган.  

Өнөктөштөр: БУУ Кыргызстандагы  Аялдар түзүмү, Эл аралык Миграция уюму, Эл аралык Эмгек уюму, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, 6 пилоттук муниципалитеттер, Коомчулукту өнүктүрүү альянсы, Тренерлер жана консультанттар ассоциациясы жана диаспоралык уюмдар.