Жаткан жериңиз жайлуу болсун

October 17, 2021, 18:35

“Кайсыл элде жүдөө күтсө зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты “ ыр саптарынын автору,  Кыргыз Республикасынын эл акыны, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү Майрамкан Абылкасымова  дүйнөдон кайтканына байланыштуу  акындын  үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөбүз. 

М. Абылкасымова өзүнүн  “Быйыл жаздын гүлдөрү көп”, “Ишеним дайым жүрөктө”, “Ата журт”,  “Сен билесиң мени мекеним”,  “Ата журт дайым көңүлдө” , “Үшүк” ж.б китептердин автору.   Ал ириде  мекенчил акын катары  эли журтунун көкүрөгүнөн түнөк тапкан. Анын ырлары  Мекенди сүйүүгө, тынчтыктын барк-баасын билүүгө үндөйт. 


Акындын көптөгөн чыгармалары орус, украин, казак, болгар, монгол, немис, поляк, француз тилдерине которулган.

Биздин Фонддун “Поэзия кечелери” долбоорубуз 2016-жылы  сиздин чыгармачылык кеченизди уюштуруу менен башталган. Бул чыгармачылык жолугушуу абдан  мазмундуу  жана кызыктуу өткөнү эсибизде.

Сиздин жалындуу ырларыңыз, жаркын элесиниз элиниздин эсинен чыкпайт. Биз сизди унутпайбыз. Жаткан жериниз жайлуу, топурагыныз торко болсун Майрамкан эже!