Кыздардын эл аралык күнүнө арналган “Шакжүрүш” программасынын эфири

October 11, 2021, 06:03

7-октябрда Кыздардын эл аралык күнүнө арналган түз эфирге «Илимдеги кыздар» долбоорунун координатору Роза Кайыкова, долбоордун насаатчысы, дизайнер  Джумагуль Сариева жана шакирт Карима Джекшенова катышты.

 

 


Кыздардын эл аралык күнү 11-октябрда белгиленет, ал бүткүл дүйнө жүзүндөгү кыздар кабылып жаткан көйгөйлөрдү чечүү зарылчылыгына көңүл бурууга жана кыздардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана алардын укуктарын жүзөгө ашырууну кубаттоого чакырат.

 

Өспүрүм кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө (социалдык, экономикалык жана саясий) инвестициялар бүгүнкү күндө алардын укуктарын сактоону камсыз кылат жана климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйлөрүн чечүүдө, саясий жаңжалды жөнгө салууда, экономикалык өсүштү камсыз кылууда, оорулардын алдын алууда жана туруктуу өнүктүрүүдө аял заты тең укуктуу өнөк болуп саналган алда канча адилеттүү жана гүлдөп-өнүккөн келечекти убада кылат.