«Роза Отунбаеванын демилегеси» Эл аралык коомдук фонд 2013-жылдын 2-8-декабрь күндөрү «Айтматовду окуйбуз» жумалыгын өткөрөт

November 10, 2013, 06:00


«…мен мезгилдин адамымын, китеп окуймун,

демек жашоо менен бирге ойлоном».

Чынгыз Айтматов


 

Азыркы доордун улуу жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 85 жылдык юбилейин утурлап “Роза Отунбаеванын демилегеси” Эл аралык коомдук фонд 2013-жылдын 2-8-декабрь күндөрү «Айтматовду окуйбуз» жумалыгын өткөрөт. Айтматовдун чыгармачылыгын окутуу Кыргызстандын жана КМШдагы башка өлкөлөрдүн мектеп программасына киргизилген. Ага карабастан постсоветтик бардык өлкөлөрдө мектеп окуучулары китепти, анын ичинде Айтматовдун балдар гана эмес чоң адамдарды да көп нерсеге үйрөтө турган китептерин аз окушат.


Биздин долбоордун максаты - Кыргызстандын бардык региондорундагы ар кыл курактагы окуучулардын көңүлүн улуу жазуучунун китептерине буруп, Чынгыз Айтматовдун сөзүнө жакындатуу, анын тереңдигин сездирүү, анын китептери аркылуу алардын сезимдерин, ой жүгүртүүлөрүн жана идеяларын көкөлөтүү.


Жумалыктын алкагында окуулар мектептерде, колледждерде, китепканалардын балдар жана өспүрүмдөр залдарында, музейлерде, айылдык клубдарда, балдар үйлөрүндө, ооруканалардын балдар бөлүмдөрүндө өткөрүлөт. Бул иш-чараларга мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия, орус тили боюнча мугалимдердин Ассоциациясы, өлкөдөгү чыгармачыл бирикмелердин жетекчилери, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы жана башка көптөгөн адамдар катышат. Чынгыз Айтматовдун чыгармалары Кыргызстанда жашаган ар түркүн улуттагы элдердин тилинде жаңырат. Айтматовдун чыгармаларын окууну уюштуруу процессине биздин шериктештер-мугалимдер, мектеп директорлору, тил боюнча окутуучулар, артисттер, жазуучулар, телеалыпбаруучулары, журналисттер, театр ишмерлери, медиктер, өлкөдө жана өзүнүн аймагында кадырлуу адамдар кол кабыш кылышат.


Чынгыз Айтматов жумалыгы биздин Фонддун жалпы республикалык чыныгы “окуу сабагына” айланган “Жылдыздар бөбөктөргө жомок окуйт” аттуу буга чейинки долбоорунун алкагын кеңейтет. Мектептерде Айтматовдун чыгармалары боюнча оюндар коюлуп, КТРКнын “Биринчи радио”, жана “Достук” каналдарында Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү “Роза Отунбаеванын демилегелери” Эл аралык коомдук фондунун көмөгү менен өткөрүлгөн көркөм окуу боюнча республикалык конкурстун лауреаттары окушат.


“Айтматовду окуйбуз” жумалыгына ар бир мектеп, ар бир класс катыша алат, анткени Айтматовдун китептери биздин рухий жактан калыптануубуздун, өсүүбүздүн негизи болгон жана боло берет.