«СOVID-19 жана мектеп». Жаңы окуу жылынын башталышы

August 14, 2021, 12:17

2021-жылдын 12-августунда «Кыргызстандын мектеп окуучуларында санитардык-гигиеналык маданияттын жалпы деңгээлин жогорулатуу жана COVID-19 боюнча алдын алуу чаралары» долбоорунун алкагында пилоттук мектептердин окутуучулары үчүн эки күндүк тренингдин биринчи этабы өттү.


Пилоттук мектептердин 80 окутуучусу үчүн эки (кыргыз жана орус) тилде онлайн тренинг өткөрүлдү. Тренингдин максаты коронавирустун алдын алуу боюнча педагогдордун маалымдар болушун жана КР мектептеринде гигиена жана санитария жагынан маданияттын жалпы деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.


Бул тренингде бардык презентациялар жана сунуш кылынган маалыматтар жаңы окуу жылына ийгиликтүү даярданууга көмөктөшүү үчүн окуучулардын жана ата-энелердин арасында коронавирустук инфекциянын алдын алуунун негизги чаралары жөнүндө болду.


Тренингде КРнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы С.С. Солтонгельдиева саламдашуу менен сөз сүйлөдү, ал мектептердин ишин коопсуз кайра калыбына келтирүү үчүн саламаттык сактоо жана мугалимдерди коргоо жагынан түзүлгөн дүйнөлүк кризиске байланыштуу үзгүлтүксүз окутууну камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле COVID-19 пандемиясынын учурунда уюм ишке ашырган билим берүү жана жооп иретиндеги чаралар чөйрөсүндө ЮНЕСКОнун иши жагынан маалымат берди.


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Г.К. Абдылдаева катышуучулар менен саламдашып, ошондой эле мектептерде короновирустун алдын алуу чараларынын маанилүүлүгүн баса белгиледи, республиканын мектептеринде жаңы окуу жылынын башталышы боюнча, мектептерди окутуунун офлайн форматына даярдоо үчүн мамлекет көрүп жаткан чаралар жөнүндө, коопсуздуктун бардык чараларын сактоо менен окутуунун демейки форматына мектеп окуучуларын кайра кайтаруу боюнча алдын ала маалыматтарды ачыктады.


Долбоордун координатору Нурзат Жээмбаева презентация менен сөз сүйлөдү, сөзүндө ушул мезгилде долбоордун максаттары жана маанилүүлүгү, ошондой эле долбоорду ишке ашырууда пилоттук мектептердин ролу жөнүндө эске салды.


Психологиялык (менталдык) ден соолуктун маанилүүлүгүн эске алып, машыктыруучу психолог Анна Анастасиади чакырылды. Ал «COVID-19 пандемиясы жана мектеп» деген темада презентация менен сөз сүйлөдү, анда окутуучулардын продуктивдүүлүгүн арттыруунун маанилүүлүгү, офлайн окутууга натыйжалуу кайра кайтуу жөнүндө айтып берди жана «постковиддик» окутуу ишин уюштуруу жана пландаштыруу боюнча практикалык кеңештерин бөлүштү. Анна презентациянын учурунда бир катар психологиялык тесттерди өткөрдү, алар мугалимдерге көптөгөн жаңы маалыматтарды билүүгө жардам берди.


«Дневник Врача» блогунун автору, пандемия башталгандан тартып коронавирустук инфекцияны чагылдырууга өзүнүн ажыралгыс салымы менен белгилүү болгон врач-терапевт Эрмек Исмаилов да тренингге чакырылган болчу. Ал мектептерде оорулардын алдын алуунун маанилүүлүгүн жана өзүнүн жана айланадагылардын ден соолугуна карата аңдап-түшүнүлгөн мамиленин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Вакцинациялоо темасы козголду, ал окутуучуларда кеңири колдоого ээ болду.


Тренингдин биринчи күнүнүн онлайн форматына карабастан, уюштуруучулар kahoot.it таануу-оюн платформасын көрсөттү, анда коронавирус жөнүндө викторина өткөрүлдү. Пилоттук мектептердин окутуучулары викторинага жигердүү катышууну энтузиазм менен кабыл алды жана маалымдар болуунун жогорку деңгээлин көрсөттү. Бул платформа демейки тесттердин мыкты альтернативасы болуп саналат, анткени мында маалыматты кабылдоонун ылдамдыгына басым жасалат.


Корутунду бөлүктө долбоордун координатору Нурзат Жээмбаева долбоор боюнча андан аркы пландар менен бөлүштү. COVID-19га каршы күрөшүүдө мектептерде окуу-тарбиялоо иш-чараларын жүргүзүүнүн ар түрдүү инновациялык формаларын жана методикаларын интеграциялоонун алдыңкы практикалары жана методикалары менен алмашуу үчүн тренингдин экинчи этабын офлайн форматта уюштуруу боюнча катышуучулардын сунушу айтылды, анткени анын көпчүлүк аспекттери алда канча натыйжалуу, оң натыйжа берет.


Тренингдин экинчи бөлүгүнүн программасында педагогдордун санариптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, окуу-тарбиялоо процессинде түзүлгөн (бул долбоордун алкагында) электрондук-билим берүү платформасынын материалдарын пайдалануунун жеткиликтүү ыкмаларын жана окутуунун инновациялык методикалары жагынан практикалык блокторду көрсөтүү боюнча презентациялар болот.