"Пандемия илимге көңүл буруу керек экенин көрсөттү"

July 17, 2021, 23:26

Дүйнө, анын ичинде Кыргызстан COVID-19 пандемиясынан кандай сабак алышы керек? Болочоктогу жаңы пандемиялардын кантип алдын алуу зарыл? Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева курамына кирген эл аралык комиссия бул багытта атайын баяндама даярдап жатат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европадагы регионалдык бюросу тарабынан түзүлгөн Ден-соолук жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча жалпы европалык комиссияга бир катар мамлекеттердин экс-президенттери, мурдагы өкмөт башчылары жана эл аралык эксперттер кирет. Алардын доклады сентябрь айында жарыяланганы турат. Бул баяндаманын мүдө-максаты жана алдын ала тыянактары тууралуу Роза Отунбаева “Азаттыкка” маегинде айтып берди.

- Роза Исаковна, азыр дүйнөнүн булуң-бурчундагы карапайым адамдарды да, расмий жетекчилерди да “COVID-19 пандемиясы качан аяктайт? Деги ал аяктайбы? Ал үчүн эмне кылыш керек?” деген суроолор кызыктырып турса керек. Сиз эл аралык комиссиянын курамында пандемияга байланыштуу бул жана башка суроолорго жооп издеп жатыпсыз. Алгач бул комиссиянын чоо-жайын түшүндүрө кетесизби?

- Бул Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа чөлкөмүндөгү бюросунун демилгеси менен чакырылган көз карандысыз комиссия. Бизди былтыр августта чогултушкан. Комиссиянын башчысы Италиянын мурдагы премьер-министри Морио Монти. Комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында Финляндиянын, Эстониянын экс-президенттери бар. Кыргызстандан мени киргизишиптир.

Ошондой эле комиссияга Орусиянын мурдагы вице-премьер-министри, Мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясынын башчысы Игорь Шувалов, Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын мурдагы президенти Сума Чакрабарти жана бир топ мамлекеттердин премьер-министрлери, чоң илимий университеттердин башчылары, окумуштуулар кирип жатат.

Биздин комиссияга илимий жактан абдан чоң колдоо көрсөткөн топ бар. Алар Лондон экономика мектебинин башчылары жана Лондондогу гигиена жана тропикалык медицинанын профессорлору. Менин оюмча, абдан таасирдүү жана күчтүү топ түзүлдү.

Маектин толук версиясын бул жерден уга аласыз:


- Албетте, баяндамаңыздар толук бүтө элек. Бирок алдын ала кандай тыянактары бар экенин учкай түшүндүрө кетесизби?

- Биздин дүйнө глобалдашкан дүйнө экенин баарыбыз билип турабыз. Андыктан планетабыздын кайсы жеринде кандай маселе чыкса, ал бүтүндөй дүйнөнү каптап жатат. COVID-19 2019-жылы чыкты эле. Бирок бул боло турган, күтүлгөн нерсе экенине окумуштуулардын көзү 2000-жылдары эле жеткен экен. Ошондо эбола, куш тумоосу сыяктуу илдеттер Азияда, Африкада пайда болгон эле. Чоң пандемиялар болот деп ошондо эле окумуштуулар, эпидемиологдор, гигиенисттер коңгуроо кагышыптыр.

Дүйнө болсо жалаң экономика, финансы тармагы менен эле алектенип, ден-соолук жагы көз жаздымда калган. Азыркы коронавирус пандемиясы баарыбыздын көзүбүздү ачты. Дүйнөдө башкача саясий-экономикалык башкаруу болушу керек экенин көрсөттү.

- Сиз мүчө болгон комиссия март айында да дүйнө өлкөлөрүн саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо маселесине көңүл бурууга, приоритеттерди туура коюуга чакырган. Болбосо дүйнө жаңы пандемиядан качып кутулбай турганын эскерткен. Дүйнө, анын ичинде Кыргызстан бул апааттан кандай сабак алышы керек? Эмнеге артыкчылык берип, жалпы саясатты кандай өзгөртүү зарыл?

- Башында бир нерсени айтып коеюнчу. Бул доклад Европа чөлкөмүндөгү өлкөлөргө таандык. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ичинде жети бөлүм бар. Анын ичинде биз Европага карайбыз. Бул 53 өлкөгө таандык баяндама болот. Биз өкмөттөрдүн, же мамлекеттердин башчыларына саясатты кандай жүргүзүш керек экенин айтып жатабыз. 53 мамлекеттин ичинде Кыргызстан да бар.

Биринчиден, бул доклад дүйнө жүзүндөгү саясий башкаруу жөнүндө. Финансы, экономика жагында ар бир 10-15 жыл сайын кризис болуп жатат. Мисалы 2008-жылкы финансылык кризистин кесепеттери көпкө созулду. Андан бери каржы жана экономика жагында бир топ инструменттер иштелип чыккан экен.

Жалаң эле Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин беш өлкөсү эмес, “Чоң жыйырма” кирген өлкөлөр, Түркия, Бразилия сыяктуу мамлекеттер дагым кайсы бир уюмдарды, альянстарды түзүп жатат. Башкача айтканда, ушулардын баары жаңы жана маанилүү инструменттерди иштеп чыгып, колдонуп жатышат.

Азыр пандемиялар эмнеден чыгып жатат? Адамзаттын ден-соолугу, жаныбарлардын ден-соолугу жана биздин айлана-чөйрөбүздүн ортосунда баланс, байланыш болушу керек. Ушул бузулуп кетип жатат. Ошонун кесепетинен пандемия, эпидемиялар пайда болуп жатат.

Дүйнөдө жаныбарлардын ден-соолугу боюнча иш алып барган эл аралык уюм бар. Ошондой эле БУУнун алдында Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча уюм (UNEP) да иш алып барат. Мындан тышкары БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) да бар. Ар бири өз-өзүнчө иштешет.

Келечекте саламаттыкты сактоо боюнча жалпы бир уюм болушу керек деп чакырык таштап жатабыз. Бул жалаң эле биздин комиссиянын сунушу эмес, он жылдан бери келе жаткан идея экен. Мамлекеттердин ортосунда саламаттыкты сактоо жана анын тобокелчиликтери боюнча бир кеңеш түзүлүшү керек. Алар ошол эле тобокелчиликтерге мониторинг жүргүзүп, бири-бирине айтып турушу керек. Бул да бир сунуш.

Анан өлкөлөрдүн баары чогулуп, пандемиялар боюнча дүйнөлүк келишим түзүшү керек. Анткени биз, болуптур, бир кишини, миң кишини айыктырат экенбиз. Бирок кайсы гана жугуштуу ооруну албасак, алар бир паста дүйнөгө жайылып кетип жатат.

Мына коронавирус башталды эле. Азыр мутациялар аркылуу кандай гана варианттары чыккан жок. Индиялык, бразилиялык, британ штаммдары пайда болду. Пандемиядан башыбыз чыкпай тургандай бир келечекке бара жаткансыйбыз. Ошондуктан биз келечекте кантип жашоону, кантип өзүбүздү сактоону, пандемия учурунда кадыресе ишибизди кантип уланта берүүнү үйрөнүшүбүз керек экен.

Орусиянын баш калаасы Москвадагы эмдөө борбору, 15-июль 2021-жыл.
Орусиянын баш калаасы Москвадагы эмдөө борбору, 15-июль 2021-жыл.

- Демек, сиз айткан 53 мамлекет баяндамадагы сунуштардын негизинде да өз саясатын иштеп чыкса болот окшойт. Ошол эле учурда эл аралык адистер саламаттыкты сактоо тармагы экономиканын абалына түздөн-түз байланышта экенин айтып, пандемия теңсиздик маселесин ачыкка чыгарганын белгилешет. Мисалы элди эмдөөдөн өткөрүүдө деле өнүккөн өлкөлөр менен жакыр өлкөлөрдүн ортосунда чоң айырма бар. Мындай шартта жакыр өлкөлөр, же өнүгүп келе жаткан өлкөлөр эмне кыла алат? Алар комиссиянын сунуштарын кантип ишке ашыра алат?

- Бул пандемия өлкөлөрдүн ортосунда, ар бир өлкөнүн ичинде абдан чоң карама-каршылыктар, проблемалар, чоң кыртыштар бар экенин көрсөтүп койду. Кедей менен байлар, аялуу катмарлар бар экенин, аларга медициналык кызмат жетишсиз экенин күбөлөдү.

53 мамлекеттин ичине Орто Азия, Түштүк Кавказ да кошулуп калыптырбыз. Ал жерде Батыш өлкөлөрү да бар. Азыр Кыргызстанда ички дүң жыйымдын жан башына үлүшү 1,5 миң долларга жетип турат окшойт. Мисалы Люксембургда болсо бул көрсөткүч 130 же 150 миң доллар. Биздин ортобузда айырма өтө чоң.

Биз 21-кылымда коронавирус пандемиясы сыяктуу мындай кризиске биринчи жолу дуушар болуп жатабыз. Анткени 20-кылымда бир топ эпидемиялар, пандемиялар болгон. “Испанка” тумоосу канча кишинин өмүрүн алган. Холера, чума эпидемиялары болгон. Биздин эле убакта эбола эпидемиясы чыкты. Африкадагы эбола эпидемиясын Европа басып койду.

Азыр эми коронавируска туш болгон учурда эң эффективдүү жол – бул вакцинация экенин көрүп жатабыз. Бизде эми вакцина чыгаруучу заводубуз жок. Бизге окшогон өлкөлөр аз эмес. Ушул эле Европа чөлкөмүндө деле ошондой өлкөлөр бар. Бир он чактысы эле өзү чыгарбаса, башкаларынын баары сатып алып жатышат.

Бүгүн вакцина империализми болбосун деп, вакцина кедей өлкөлөргө же болбосо колунан келбеген мамлекеттерге, баарына жетиши керек деген чакырыктар турат. Колунда бар өлкөлөр эбак эле вакцина беребиз дешкен. Бирок логистика жагынан бир топ кыйынчылыктар болуп жатат. Мына жаныбыздагы Кытайдан алып келе албай, 1-2 болуп кетти.

Бизде логистикадан тышкары уюштуруучу жагы абдан начар болду. Сөз жок. Биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги нөл деген баа болсо, нөлдөн төмөн деген баа койсо да аз болот. Бул жерде баарыбыз сыноодон өтүп жатат. Эл чыдабай, ыктыярчылардын кыймылдары ишке киришти. Былтыркы кризисти ыктыярчылар көтөрүп кетишти. Быйыл даярдык болот экен десе, быйыл вакцина болбой калды. Көрсө вакцина деген дүйнө жүзүндө күрөш экен да. Биз болсо вакцинаны кенебей койдук.

Эми ошонун баарын ойлонуш керек экен. Башкача айтканда, акча, финансы, логистика керек экен. Анан ар бир өлкөнүн өзүнүн уюштуруу жагы күчтүү болушу керек. Бизде ушулардын баары жок болуп, чоң катачылыкка урунуп олтурабыз.

- Сиз башкаруу, уюштуруу маселесине токтолуп кеттиңиз. Негизи баяндаманын авторлору пандемиядан чыгуу жолдоруна жана эпидемияны натыйжалуу башкаруу маселесине да басым жасап жаткан экен. Начар башкаруунун кесепети кандай болорун дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү коронавирустан көз жумгандардын аянычтуу окуялары күбөлөп койбодубу. Ошондо докладдын баштапкы тыянактарына таянсак, келечектеги пандемиялардын алдын алуу үчүн кандай эффективдүү башкаруу керек? Кыргызстан кандай сабак алып, саясатын кантип өзгөртүшү керек?

- Мен дагы бир жолу айтып коеюнчу. Глобалдык деңгээлде, алты континентте Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өзүнчө топтору бар. Азыркы баяндамабыз бул жалаң эле Европа континентинин демилгеси. Ушуну карап, бир чоң дискуссиялар пайда болот. Анын негизинде чечимдер пайда болот.

Анткени Европа чөлкөмүндөгү 27 өлкө Европа Биримдигинин мүчөлөрү. Беш өлкө Евразиялык экономикалык биримдикке киребиз. Дагы бир топ альянстар бар. 53 мамлекеттин баары ушундай биримдиктерге кирет. Алар иштеши керек. Биз ЕврАзЭС аркылуу бир нерсени сезип жатабызбы? Такыр билбейбиз. Мен, мисалы, алардын чечимдерин уккан жокмун. Алар эмне кылып жатканы белгисиз.


Европалык кеңеш болсо биздин докладыбыздын негизинде жакшы, чечкиндүү нерселерди кабыл алат деген ишенимдебиз. Анткени ал дүйнө жүзүндөгү күчтүү союздардын бири деп эсептелет.

Демек, уюштуруу жагынан ар бир өлкө өздөрү үчүн жыйынтык чыгарып, чараларды иштеп чыгышы керек. ЕврАзЭс аркылуу чечимдерди билбейм да, сезген да, окуган да жокмун. Биз, Кыргызстан өз алдынча иштешибиз керек. Өзүбүздүн элибизди өзүбүз сакташыбыз керек. Бул биздин мамлеттин, биздин өкмөттүн милдети.

Биз айтып жаткан чаралар – бул глобалдык чаралар. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бара-бара өзгөрүшү керек экен.

- Пандемиянын сабактары тууралуу айрым макалаларды окуп көрдүм. Алардын авторлору COVID-19 илдети илимге же далилге негизделген чечимдер керек экенин так көрсөттү деп айтып жатышат. Кыргызстанда COVID-19ду дарылоо, эмдөө маселесинде дал ошондой илимге негизделген чечимдер жетиштүү болуп жатабы?

- Менин оюмча, бул пандемия биз кайсы жерде экенибизди көрсөттү. Советтер Союзу урагандан кийин биз баары менен эле бир агымда келе жатабыз. Бирок биз кайсы жерде экенибизди билчү эмеспиз. Мисалы Өзбекстан кытайлар менен бирге вакцина чыгара коюшту. Казакстан да чыгарды. Эми Орусия сөзсүз. Орусия, Кытай Батыштан тышкары чоң тажрыйбалуу өлкөлөр. Алар да вакцина чыгарышты.

Биз болсо такыр илим дегенде жылаңаяк калыптырбыз. Бизде булардын баары жок. Биздин окумуштуулардын баары иш бар жерге көчүп кетишкен. Өз адистиги боюнча башка жерлерде иштеп жатканын биз угуп, билебиз.

Азыр бул пандемия биз илимге көп көңүл бурушубуз керек экенин көрсөтүп жатат. Муну айтайын десең, бая күнү Окфорддо бизди 30-40 өлкөнүн арасына киргизиптир. Ал жакта иштеген биздин окумуштуу, экономист, математик, доктур кыздар моделдөө жасашыптыр. Орто Азиядан башка бир да өлкө кирген эмес.

Алар моделдөө жасап, Кыргызстандын өкмөтүнө бир нече жолу сунуштаса, укпай коюшат. Азыр гана акыркы өкмөт угуп, ошону жасайбыз деп аракетте болуп жатышты.

Бизде ушундай биргелешкен иштер болсо, аларга кошулуп жатабыз. Өзүбүздүн андай чамабыз, мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бизде сонун медиктер бар. Азыркыдай кыйын шартта иштеп жатышканын биз билебиз. Бирок изилдөө жагынан бизде мүмкүнчүлүктөр жок.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!


Источник