Баткен облусуна "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду тарабынан 5 боз үй жөнөтүлүүдө

July 9, 2021, 09:01
Баткен облусуна "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду тарабынан 5 боз үй жөнөтүлүүдө.

2021-ж.28-29-апрелинде Баткен чек арасында орун алган окуяларда жергиликтүү жашоочулар тоо жактарды көздөй качып коргонушкан. Акыбал тынчыгандан кийин дагы көп үй-бүлөлөр балдарын тынчыраак тоо жактарга тууган туушкандарыныкына жиберип жатышат.

Ошондой эле Баткен областында 5 жайлоо өнүгүү борборлорунда жайлоо бала бакчасын уюштурууда боз үй табуу маселеси бар эле.

Ушуларга байланыштуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду жана Жайлоо өнүгүү борборлору долбоору ушул балдарды колдоо максатында спонсор издеп таап боз үйлөр менен камсыздап жатат.

Учурда боз үйлөр Ысык-Көл областынын, Кызыл-Туу айылында даярдалып, Баткен областына жөнөтүүгө даяр.