“Баланын акылы манжаларынын учунда”

June 29, 2021, 23:33

“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорунун алкагында 16-июндан баштап Ош облусунун Кара-Кулжа жана Алай райондорунда балдар үчүн тренинг өткөрүлүп жатат. Эң негизгиси учурдагы узакка созулган пандемия жана онлайн сабак учурунда стресстен алып чыгуу, балдарды таза абада ойнотууга басым жасалууда. Медакадемиянын 3-курсунун студенти Каролина Шайлообекова учурда өздүк гигиена жана дем алуу булчуңдарын машыктыруу боюнча көнүгүүлөрдү балдарга практика жүзүндө көрсөтүп жатат.

“БАЛАНЫН АКЫЛЫ МАНЖАЛАРЫНЫН УЧУНДА”

“БАЛАНЫН АКЫЛЫ МАНЖАЛАРЫНЫН УЧУНДА”

Балдардын ден соолугу чың, ал эми ата-энелер ыраазы болушууда.  Салбуурун федерациясынын мүчөсү А.Молдалиева жана К.Шайлообековалар эркек балдарды баатырлыкка үндөө максатында жаа өнөрүн тааныштырып, мастер-класстарды өткөрүштү. Кол өнөрчүлүк боюнча А.Молдалиева бисер менен жаныбарларды жана эжейлерге самындан жасалган сувенирлерди жасап көрсөтүп, болгон билимин балдарга арнап жатат.

“БАЛАНЫН АКЫЛЫ МАНЖАЛАРЫНЫН УЧУНДА”

“БАЛАНЫН АКЫЛЫ МАНЖАЛАРЫНЫН УЧУНДА”

Мындан тышкары жайлоодо жайылып жүргөн жылкыларды, эшектерди балдар өз көздөрү менен көрүп, сүрөт тартуу ыкмаларын дагы үйрөнүшүүдө. Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылындагы Ажике жайлоосунда жайгашкан борбордун тарбиячысы Клара Айтбекова мындай деди: “Белгилүү педагог Сухомлинскийдин “Баланын акылы манжаларынын учунда” деген принцибин карманган тарбиячылар балдардын манжаларын иштетүүгө өзгөчө маани беришет. Музыкалык сабактарга, бийлерге, дене көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, пластилин жана аппликация менен иштөөгө, туура дем алганды үйрөтүүгө өзгөчө басым жасалат. Негизги көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн натыйжасында математикада, сөз байлыгын кеңейтүүдө, тил үйрөнүүдө, айлана-чөйрө менен таанышууда чоң ийгиликтерге жетүү мүмкүн болду”.

“БАЛАНЫН АКЫЛЫ МАНЖАЛАРЫНЫН УЧУНДА”

“БАЛАНЫН АКЫЛЫ МАНЖАЛАРЫНЫН УЧУНДА”

Ал эми Алай районунун  Кабылан-Көл жайлоосунун «Эрке-Сары» жайлоо бакчасынын тарбиячысы Сейилкан эжей, педагогдорго балдардын күлкүсү канчалык кымбат болгонун сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес экенин белгиледи. Ал ар бир наристе бакчага кубанып келип-кеткени, алардын ата-энесин да бактылуу кылат деп эсептейт.


Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”