"Мекенге мээримин арнаган аялзаты" китебинин бет ачаары болуп өттү

June 22, 2021, 22:19
2021-жылдын 22-июнь күнү "Мекенге мээримин арнаган аялзаты" китебинин бет ачаары болуп өттү. Иш чара онлайн форматында өтүп, ага КР экс-Президенти, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р. И. Отунбаева, КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Нурбаев, китептин каармандары,  аткаруучу өнөктөштөр, пилоттук айыл аймактарынын өкүлдөрү жана журналисттер катышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө  китептин идеялык,тарбиялык маанисине токтолуп, Роза Отунбаева: "Китеп -керемет, кызыктуу, ал туруктуулук, кубаттуулук,бекемдүүлүк жана эркиндик туурасында  жазылыптыр.Бул китеп ар бир университетте,окуу жайларында болууга тийиш" деп белгиледи.Ал эми Калифорнияда эмгектенип жүргөн окумуштуу мекендешибиз Махабат Баймырзаева  өзүнүн сөзүндө китепте позитивдүү өзгөчөлүктөр ыкмасы колдонулганы мени кубандырды, бул ийгиликке жетиштирген активдүү, маанилүүжол деп айтты. Ошондой эле бет ачаарга катышкан каармандар  Таластан Сүйүмкан Байышова,  Улуу Британиядан Рахат Жусупова, Екатеринбургдан Гулшан Долонбаева, Бишкектен Угулай Гапарова , Москвадан Жамила Бегиева "Мекенге мээримин арнаган аялзаты" китеби үчүн  аталган китепти даярдап, басмадан чыгарган  командага өздөрүнүн ыраазычылыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, китеп "Мигрант аял - өнүгүү түркүгү" долбоорунун алкагында жарык көрдү.