«Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду «Энелер мектебине» колдоо көрсөттү

June 9, 2021, 21:57

Элеттен чыгып, Кыргыздын элитасына сүңгүп кирип бара жаткан, Гапыр Мадаминовдун “Энелер мектеби” бүгүн үйлүү болуп отурат. Болгондо да алмустактан бери кыргыз эли өнүп өскөн боз үйлүү болуп отурат. XXI кылымда да өзүнүн уникалдуулугун жоготпогон боз үй “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык коомдук фонду менен кошо Америка Кошмо Штаттарында эмгектенип жаткан кыргызстандыктар тарабынан берилди. Бул окуяга байланыштуу салтанаттуу иш чара 2021-жылдын 5-июнь күнү Лейлек районундагы №3-эксперименталдык гимназияда болуп өттү.



«Энелер мектебинин» катышуучулары


Иш чаранын жүрүшү боюнча №3-эксперименталдык гимназиянын директору, педагогика илимдеринин кандидаты, “Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим” Гапыр Мадаминов төмөнкүдөй маалымат берди: “Негизгисин айтсам “Энелер мектебинин” ишин мындан ары жеңилдетүү, шарт түзүү үчүн “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык коомдук фонду боз үй берди. Биздин эмгегибиз бааланып, “Энелер мектебинин” мындан ары өркүндөшү үчүн Эл аралык деңгээлдеги Фонд жана Роза Исаковна өзү көңүл бөлүп, кызматташууга ар тараптуу жардам колун сунгандыгы үчүн эмгек жамаатыбыз жана “Энелер мектебинин” катышуучулары өтө кубанычта болуп турабыз. Бул көрүнүш бизди шыктандырып, дем-күч берет. Учурдан пайдаланып, ушул иш чарага атайын Бишкектен келип катышып жаткан, “Энелер мектебинин” жалпы Кыргызстанга жайылып кетүүсүнө зор салымын кошкон, ошол мезгилдеги Баткен облус башчысынын орун басары, учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратында бөлүм башчы болуп иштеп жаткан Саттарова Чынар Осмоновнага терең ыраазычылык билдирип кетемин”- деп маалымат берди.


 

Саттарова Чынар Осмоновна менен Мадаминов Гапыр Маматкулович


Өсүпкеле жаткан жаш муундарды тарбиялоо боюнча калайык-калктын тажрыйбасы, коомдун, үй-бүлөнүн, элдин этнопедагогикасынын абалынан, анын денгээлинен, маани мазмунунан өлкөнүн узак мөөнөттүү келечеги көз каранды экендигин коомубузда болуп жаткан көрүнүштөр тастыктап турат. Интернет байланышынын шарттарынан улам, коомубузга кирип келген, толгон токой маалыматтар дүйңөсүңүн оң жана терс жактарын ачык айырмалай албай жаткан учурубузда кыргыздын этнопедагогикасын жаны даражага көтөргөн бул Гапыр Мадаминовдун “Энелер мектеби”. Мен Агайдын эмгегине ушундай баа берет элем. Ал эми Кыргызстандын өсүп өнүгүүсүндө өзүнүн орду бар “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык коомдук фонду тарабынан өзгөчө маани берилип, кызматташуунун алгачкы кадамдарында, “Энелер мектеби үчүн” боз үйдүн берилиши, чоң тарыхый окуя. Кылымдардан бери кыргыздар боз үйдүн ичинде тарбияланып, өнүгүп өсүп келген. «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду менен Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектебинин» кыргыздын заманбап этнопедагогикасын калыптандыруу багытындагы биргелешкен иш аракеттерине ийгилик каалаймын”- деп кайрылуу жасады иш чаранын сыйлуу коногу Саттарова Чынар Осмоновна.



«Энелер мектебинин» катышуучулары менен №3-гимназиянын эмгек жамааты



Чек арадагы болуп жаткан окуяларга байланыштуу, «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун аткаруучу директору Кендирбаева Догдуркул Шаршеевнадан маалымат алууга шарт болбой калды. Ошондой болсо да Догдуркул Шаршеевнанын фейсбуктагы баракчасына жазган ой пикирин беребиз: “Асыл максат менен Лейлектин Жаштык айылына жөнөгөн элек. Атактуу мугалим Гапыр агайдын Эне мектебин жайылтууга, мыкты билим менен гана өлкөнүн кубатын көтөрөбүз деген демилгесине кыргызымдын керемет боз үйүн белекке берип,бүгүн түндүгүн көтөрмөк элек. Биз Исфанадан кайра тарттык. Таңкы саат алтыда ошол жактан чыгаарда түнү менен Максат, Интернационал айылдарынын жашоочулары көчүп жатабыз, жолду аскерлер карап өткөрбөй жатат деп жергиликтүү элдер журналисттер айтканынан кайра тарттык. Бирок боз үй жетип тигилип, Гапыр агай эли жери менен балдарга майрам уюштуруп жатат. Биз дагы келебиз! Баткеним түбөлүк тынчтыкта бол!”-деп ой бөлүшөт Догдуркул Кендирбаева.



Догдуркул Кендирбаева

 


Иш чаранын катышуучулары


Даярдаган:      Бакытбек САПАРКУЛОВ