«Бөбөк ыры» республикалык кароо-сынак жыйынтыкталды

November 7, 2013, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, КР билим берүү жана илим министирлиги, КР маданият, туризм жана маалымат министирлиги жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы республикалык алкактагы бөбөктөргө арналган ырлардын кароо сынагынын жыйынтыктады. Бул тууралуу аталган фондунун басма сөз кызматы билдирди.

 

Сынактын тандоо туру 5-ноябрь күнү саат 9:00дөн 18:00гө чейин М.Абдыраев атындагы республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатында өттү.

 

Бардыгы жүздөн ашык акын-композиторлор жана эки жүздөн ашык кенже курактагы аткаруучу бөбөктөр, балдар ансамбльдери, бала бакча иримдери чогулушту.

 

Калыстар тобунун курамында белгилүү маданият ишмерлери жана коомдук ишмерлер Т.Чокиев, А.Казиев, А.Карымшаков, Ж.Койчукулова, М.Мамазаирова, Ж.Сейдакматова, К.Эралиева, Г.Эсенгулова болушту.

 

Сынактын жыйынтыгында, «Гран-при», «Обондуу ыр», «Мыкты ыр» жана «Мыкты аткаруучу» номинацияларында жеңүүчүлөр аныкталды.

 

Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 6-ноябрда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында саат өтүп, гала-концерт менен коштолду. Салтанатта бөбөктөрдүн эң мыкты ырлары аткарылды.

 

Булак : Баракелде