“Эне тилеги –тынчтык” аталышындагы иш-чара болуп өттү

May 20, 2021, 08:34

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан үстүбүздөгү жылдын 19-май күнү Ноокат районундагы “Төөлөс” айыл өкмөтүнүн аймагында  “Эне тилеги –тынчтык” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Анда миграцияга дуушар болгон аялдардын бала тарбиялоодогу ролу, үй-бүлөнүн жана коомдун  өнүгүүсүнө  жана  тынчтыкты куруу ишине кошкон салымы тууралуу сөз болду.  Иш-чара  адабий-музыкалуу композиция менен  башталып, “Ырыс алды-ынтымак”  темасындагы  тегерек стол  менен улантылды. Тегерек столдо «Мигрант аял-өнүгүү түркүгү” долбоорунун алкагында пилоттук айылдарда жүргүзүлгөн изилдөө-баалоонун жыйынтыгында жер-жерлерде  аныкталган позитивдүү тажрыйбалар (позитивдүү девианттар) презентацияланып, алардын элге жайылтылуусу каралды. Мисалга алсак, Төөлөс айыл өкмөтүндөгү Муркут айылынын башчысы Жакыпов Максаттын айылдагы активдүү аялдар менен биргеликте  вот сап группа аркылуу ар түрдүү чыр-чатактарды алдын-алуу боюнча жүргүзүп жаткан  позитивдүү тажрыйбасы жана жергиликтүү имам Усөндүн айылдагы аш-тойлордогу ысырапкорчулукка каршы күрөшүү үчүн аялдар менен биргеликте алып барып жаткан иш аракеттери жөнүндө презентация-баян жасалды.


Иш чара учурунда  жергиликтүү демилгелердин негизинде   “Коомдун тынчтыкта жана инклюзивдүү өнүгүүсү үчүн миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын  укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында каржыланган  “Инновациялык-кеңеш билим берүү борборунун” ачылышы да болуп өттү.  


Ошондой эле  мигрант айымдардын  ийгиликтерин, өлкө өнүгүүсүнө кошкон салымын даңазалаган  “Мекенге мээримин арнаган аялзаты” китебинин бет ачаары да уюштурулду. Иш чараны айылдагы өз ара жардам берүү топторунун кичи гранттарынын бет ачаар аземи коштоду.


Эскерте кетсек, жогоруда аталган долбоор алкагында  Кыргызстандын алты пилоттук айыл өкмөттөрүнүн аймагында  мындай иш чаралар 19-майдан 2-июнга чейин  болуп өтөт.