Маданий демилгелер биенналеси (форуму)

May 17, 2021, 10:48

Маданий демилгелер биенналеси (форуму)

«Силикон өрөөнү» фондунун колдоосу менен «Терра Паблик» КФ Маданий демилгелер биенналесин уюштуруп жатат (18–19.05.2021-ж.)


Маданий демилгелер биенналесинин максаты катары, салттуу билимдер менен маданий практикаларды популяризациялоо; диалог жана уюмдун 2004-2020 жж. аралыгындагы долбоордук ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын жалпылоо үчүн аянтча түзүү; коомдук уюмдардын ѳлкѳнүн маданий күн тартибин калыптандыруудагы ролу жана салымы тууралуу жалпыга ачык дискурс түзүү иш-аракеттери белгиленген.


Биенналенин (форумдун) алкагында ири кѳргѳзмѳ ѳтѳт, панелдик талкуулар, презентациялар, тегерек столдор, мастер-класстар ж.б. уюштурулат. Кѳргѳзмѳгѳ 20дан ашуун уюм катышып, долбоордук ишмердүүлүктүн уникалдуу жыйынтыктарын: мультимедиялык тиркемелерди, басылмаларды, кинофильмдерди, аудио жазууларды, сайттар менен электрондук платформаларды, улуттук кийимдердин реконструкцияланган комплекстеринин үлгүлѳрүн ж.б. кѳрсѳтүшѳт.


Маданий демилгелер биенналеси (форуму) 18–19.05.20211 «Консул» ресторанынын имаратында ѳтѳт. Дареги: Бишкек ш., М. Фрунзе кѳч., 477 (А. Орозбеков кѳч. менен кесилишет).


Мамлекеттик структуралардын ѳкүлдѳрүнүн, коомдук ишмерлердин, илим жана маданият ишмерлеринин, креативдүү ишкерлердин, ЖМК ѳкүлдѳрүнүн жана кеӊири коомчулуктун катышуусу күтүлүүдѳ.