Роза Отунбаева: "Баткенибиз сөзсүз гүлдөйт! "

May 3, 2021, 20:45

Ардактуу Мекендештер!


Башыбызга оор сыноо түшкөн учур. Мекенибиздин бүтүндүгүнө коркунуч жаралып, жерибизди куралчан душман басып, айылдар өрттөлүп, боордошторубуздун каны төгүлдү. Жакын адамдарынан айрылып кан жутуп отурган бир туугандарыма терең кайгыруу менен көңүл айтам, кайрат кылыңыздар, бул силердин жеке трагедияңар эмес, жалпы кыргыз элинин башына түшкөн апаат, силер жалгыз эмессиңер, биз силер мененбиз!


Өлкө башчыбыз президент Садыр Жапаров, биздин баатыр аскер күчтөрүбүз жана дипломатиялык өкүлдөрүбүз колдон келген баардык аракеттерди көрүп атышат деп мен элимди ишендире алам.


Бүгүн кырдаал өтө оор бойдон калууда, абал көзөмөлдөн чыгып кайрадан тутумдаш кагылыштар чыгып кетүү коркунучу турат. Ошондуктан мен бардыгыңыздарды биримдикке жана сабырдуулукка чакырам.


Ар бирибиз дараметибизге карай аракет кылалы, жапа чегип, жабыр тарткан мекендештерибизге жардам уюштуралы. Мекемелер, жеке адамдар, жамааттар, коомдук уюмдар, алардын ичинде биздин фонд да ушул күндөрү тынбай Баткенге гуманитардык жардам жиберүүдө. Атышуу токтотулса эле сөзсүз биз кайрадан өрттөлгөн, сынган-кыйраган имараттарды, турак-жайларды мамлекет эсебинен толук калыбына келтиришибиз керек. Баткенибиз сөзсүз гүлдөйт! Ал жакта турган элибиздин бакубат жана тынч жашоосу ар бирибиздин милдетибиз!


Кымбаттуу Мекендештер!


Болуп жаткан окуялар – мамлекеттердин ортосунда болгондуктан, эл аралык мүнөздө болуп, эл аралык ааламда кагылышуу өтүп жатат. Ошондуктан улам, азыркы абалды мындан ары да курчутуп албоо үчүн ачык айтылбай турган, жөнөкөй сөз менен айтканда көшөгөнүн артында сүйлөшүлүп, ошол жакта аткарылуучу иштер көп. Учурда мамлекет жетекчилиги, өкмөт жана дипломатиялык корпус тарабынан жигердүү аракеттер жасалууда. Өз тажырыйбама таянып колумдан келишинче көмөк көрсөтүп жатам. Бириккен Улуттар Уюму баш болгон Эл аралык коомчулукка туура маалымат берилип, түзүлгөн кырдаалды туура түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бирок азыркы кырдаалды сырттан бирөө келип биз жана биз менен миң жылдар бою жанаша жашаган коңшуларыбыздын ортосундагы чырды бир күндө эле чече коюшат дегендер жаңылышат. Бул маселени кыргыз менен тажик элдери тынч сүйлөшүү жолу менен гана, эмоцияга алдыртпастан жана түбөлүк достугубузду эске алып тил таба алабыз.


Ошондуктан сиздерди бир беткей баа берүүдөн, бир беткей талаптарды коюудан, алдын ала эле бирөөлөргө айып тагуудан карманууга, сабырдуулукка чакырат элем. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарчу учур - күндүн талабы!


Бул сыноодон Кыргызстандын көп улуттуу Эли, Кыргыз Мамлекети татыктуу чыга турганына терең ишенем.


Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти

Р. Отунбаева