«Илимдеги кыздар» долбооруна катышып жаткан кыздарды ЖРТга даярдоо курсу аяктады

April 27, 2021, 13:22


25-апрелде ЮНИСЕФтин финансылык колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ ишке ашырып жаткан «Илимдеги кыздар» долбооруна катышып жаткан кыздарды ЖРТга даярдоо курсу аяктады.


Бишкек, Ош шаарларынан, Чүй областынан жана Ош областынын Кара-Суу районунан долбоордун 81 пилоттук мектебинен тандалган 190 окуучу кыз үч айдын ичинде “SECOM” билим берүү борборунда окуудан өттү.


Долбоордун катышуучулары үчүн И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы Кыргыз-герман техникалык институтунда STEM кышкы мектеби уюштурулган, анын алкагында окуучу кыздар ошондой эле STEM кесиптери жөнүндө көбүрөөк биле алды. Кыздар үчүн мастер класстар жана ишканаларга (StART типографиясы, “Дастан” ААК, “АТА Лтд” ЖЧК ж.б.) көчмө экскурсиялар уюштурулду.


Ошондой эле ЖРТга карата даярдоо курсунан өткөн кыздарды шыктандыруу максатында дүйнөлүк компанияларда иштеп жаткан кыргызстандык инженерлер, программисттер менен онлайн жолугушуулар уюштурулду. Алсак, долбоордун катышуучулары ийгиликтердин таржымалдары менен таанышты жана аларды билип алды жана төмөнкүлөргө: ири европалык SAP концернинин (Германия) программисти Айзада Акбековага, ZOOM компаниясынын (АКШ) инженери Айза Тилебаевага, Гарвард университетинин (АКШ) студенти Айбилек Алдаяровага, Facebook компаниясынын (Улуу Британия) инженери Чолпон Абдыжапаровага, “Кумтор Голд Компани” компаниясынын инженери Айчолпон Макеновага, Алтын сертификаттын ээси Мээрим Алтыновага өз суроолорун беришти.


Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлү Турдубаева Гузель катышуучулар менен корутунду жолугушууга катышты жана ушул долбоордун аркасында Бишкек шаарынын 51 мектебинин окуучу кыздары онлайн окутуу учурунда билимдерде сөзсүз пайда боло турган кемчиликтердин ордун толтурууга мыкты мүмкүнчүлүк алды деп белгиледи. Роза Отунбаеванын фондуна чоң ыракмат, «Илимдеги кыздар» долбоору окуучу кыздар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк берди жана биз жайында «Илимдеги кыздар» долбооруна катышкан кыздардын дээрлик жүз пайызы бюджеттик орундарга өттү деп бекем айта алабыз деп үмүттөнөм.


«Илимдеги кыздар» долбоорунун координатору Роза Кайыкова «Илимдеги кыздар» долбоору ЖРТга даярдоо курсу үчүн чыгымдарды толугу менен жапты деп белгиледи. Жекече окутуу учурунда ар бир окуучу кыз окууга 17 миң сомдон ашык каражат коротмок. «Силерге ишенебиз жана силер максималдуу бааларды аласыңар жана СТЕМ багыттары боюнча тандаган ЖОЖдорго окутуунун бюджеттик формасына өтөсүңөр деп үмүттөнөбүз. Долбоордун командасы силерди келечектин кесиптерине жакындатуу үчүн болгон күч-аракеттерин жумшады», - деп айтты Роза Кайыкова.


Бишкек шаарындагы №96 мектептин 11-классынын окуучусу, ЖРТга даярдоо курсунан өткөн Сейдакунова Айзирек долбоордун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди: «Бул курстар мен үчүн өтө пайдалуу болду, мен өзүм үчүн көп нерселерди билдим, биз мектепте албай калган көп билимдерди ачтым. Эми мен өзүмө өтө бийик максаттарды коем».


Окутуудан өткөн Вероника Сизикованын апасы Сизикова Анна бул долбоордун маанилүүлүгүн жана өз учурунда болгонун белгиледи: «Ушундай мүмкүнчүлүк үчүн чоң ыракмат, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Фондуна, «Илимдеги кыздар» долбооруна, ЮНИСЕФке жана силердин эмгегиңер үчүн мугалимдерге ыракмат, бардык кыздар окууга өтүшүн, жакшы кесип алышын каалайм. Ата-энелерге чың ден соолук жана күч-кубат каалайм».


Катышкан кыздар «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Илимдеги кыздар» долбоорунун атынан сувенирдик продукцияны (шопперди жана флешканы) эстеликке алды.


ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорун «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду АУЦАнын Инновациялык колледжи жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө ишке ашырып жатат.