ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында менторлор шакирттери менен ишти баштады

April 15, 2021, 15:20

ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында менторлор шакирттери менен ишти баштады.

 

Насаатчылык программасынын биринчи этабында 96 менторго Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй областтарынын мектептериндеги 7-10-класстардын СТЕМ адистиги боюнча ЖОЖдорго тапшырууну пландаштырып жаткан окуучу кыздарынын тобу (722 кыз) бекитип берилди.

 

Топтор боюнча бөлүштүргөндөн кийин менторлор өздөрүнүн шакирттери менен таанышуу маектешүүсүн өткөрдү, «Шакирттин күндөлүгүн» таратты жана алдыга жалпы максаттарды койду. Менторлор өздөрүнүн шакирттери менен жигердүү жолугушуп турат, сергек жашоо ыңгайын жактырууну каныктырат, алдыга максаттарды коюуга үйрөтөт, маданий иш-чараларга барышат. Ошондой эле менторлор жекече өсүшкө көңүл бурат жана кесипти тандоо ишин жүргүзөт. Менторлордун иши 5 ай аралыгына узарат.

 

Бизнес-ассоциациялардан жана STEM кесиптерден тартылган Кыргызстандын ийгиликтүү айымдары «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылары болот. Мурда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду насаатчылыктын жөндөмдөрүн жогорулатуу максатында менторлор үчүн тренингдерди өткөргөн. Ар бир ментор «Ментор үчүн колдонмону» алды, ал эми шакирттерге «Шакирттин күндөлүгү» таратылды.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ бардык менторлорго Фонд чыгарган төмөнкүдөй басылмаларды тартуулады: «Өмүрү өрнөк адамдар» сериясындагы китептерди жана «Кыргызстан айымдары техникада жана илимде» китебин.

  

«Илимдеги кыздар» долбоорунун ментордук программасына бардыгы болуп Бишкек, Ош шаарларынын, Чүй областындагы Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун пилоттук мектептеринен 2600 кыз катышат. 5-6 ай аралыгында насаатчы айымдар өздөрүнүн бардык билимдерин, жөндөмдөрүн, өздөрүнүн кесиптик жана жашоодогу тажрыйбасын кыздар менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ментор кыздарга «айымдарга тиешеси болбогон» кесиптер жөнүндө стереотиптерди жоюуга жардам берет, СТЕМ-билим берүүсү жөнүндө айтып берет, өз тагдырын аныктоо жана келечектеги кесипти тандоо жагынан жардам берет.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ кайдыгер эмес, өзүнө зор жоопкерчиликти алган жана кыздардын ийгиликтүү келечегине салым кошууга ниетин көрсөткөн төмөнкүдөй менторлорго ыраазычылык билдирет:

 

1.            Сагынбаева Айнура Орозбековна - «SIAR research&consulting» ЖЧКнын башкы директору, «Steppe Learning KG» ЖЧКнын директору

2.            Ашимбаева Дильбар - "DILBAR" мода үйүнүн креативдик дизайнери

3.            Асилбекова Элиза - «Адамдык ресурстар» компаниясынын башкы директору

4.            Кожомкулова Венера – жеке ишкер, KOVENTO кондитеринин негиздөөчүсү

5.            Касымалиева Айдан - Модельер жана «Danfashionbrand» брендинин негиздөөчүсү

6.            Усупова Айзаада - "МФК "Элет-капитал" ЖАК, Башкармалыктын мүчөсү, Операциялык директор

7.            Өмүралиева Айканыш – Устукан ЖЧК

8.            Джаныбаева Назгуль - «Event M» ЖЧКнын директору

9.            Бейшекеева Назгуль  - “Шатура” мебель салонунун финансисти

10.        Жаныбаева Мээрим - ЮниХелп КФнын уюштуруучусу (анг.тили практиги)

11.        Саманчиева Махабат - "Ruslanova AIYM" Мода үйүнүн негиздөөчүсү

12.        Ибарат Курбанова - TEIK Trade ЖЧК, тамак-аш кошулмалары

13.        Колкомбаева Зарема - “Полис Азия” талдоо борбору. Долбоордук менеджер

14.        Султаналиева Гульжамал – Гендер боюнча эксперт

15.        Абдыманап кызы Мээрим – Юрфа медициналык борборунун биомедициналык инженерия боюнча инженери

16.        Бекболотова Жылдыз Сагынбековна - «Архи-Лаб» ЖЧКнын инженер-куруучусу

17.        Тагжана Айдаралиева – ЖЭБдин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы

18.        Саргашкаева Эльзада – Кыргызстан Улуттук электр тармактарынын басма сөз катчысы

19.        Зоотбекова Жийде – ГКПЭНдин алдындагы "Кыргызкөмүр" МИнин басма сөз катчысы

20.        Тентиева Чолпон – Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинин директорунун орун басары

21.        Жаңылсынзат Турдакунова - “Супара” Этнокомплексинин директору

22.        Мокешова Жылдыз - Бухта кыргыз-казак аутсорсинг компаниясынын башкы бухгалтери

23.        Нурзат Абдрасулова - «Кыргызстандын Жашыл Альянсында» төрайым

24.        Динара Молдошева – КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатенттин) төрайымы

25.        Динара Чочунбаева - Дизайнер, "Оймо" фестивалынын башкы директору

26.        Айдай Асангулова - “Кийиз дүйнө” КФнын негиздөөчүсү

27.        Айзада Касмалиева - “Азаттык” радиосунун Бишкек бюросунун директору

28.        Тамила Маматова – Скульптор

29.        Татьяна Воротникова - Дизайнер, модельер

30.        Жумагүл Сариева - Дизайнер, “Chapan” студиясынын негиздөөчүсү

31.        Гулзире Минбаева - Khan Academy Kyrgyz’дын расмий өкүлү

32.        Жыргал Ботобаева – Текайымдын тең уюштуруучусу

33.        Мадина Самакбаева - Химик-эколог, Тамак-аш коопсуздугу боюнча эксперт, easyscience.kg’нын негиздөөчүсү

34.        Мира Абдиметалиева - Бизнес талдоочу

35.        Елена Чигибаева - Technovation Girls Kyrgyzstan’дын расмий амбассадору

36.        Усупкожоева Анипа –КМТУнун алдындагы Кыргыз-Герман Техникалык Институтунун Директору т.и.к., профессор

37.        Баялиева Чолпон – КГТИнин директорунун орун басары

38.        Душембиева Эльмира – И.Раззаков атындагы КМТУ, КГТИнин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары

39.        Садиева Анара – И.Раззаков атындагы КМТУ, «Тамак-аш инженерия» кафедрасынын башчысы

40.        Тилемишова Нургуль – И.Раззаков атындагы КМТУ, «Тамак-аш инженерия» кафедрасынын улук окутуучусу

41.        Коколоева Уларкан Уркунбаевна – И.Раззаков атындагы КМТУ, «Тамак-аш инженерия» кафедрасынын доценти

42.        Табалдиева Нурзат – техникалык илимдердин кандидаты, Дж.А. Апышев атындагы «Электр энергетика» кафедрасынын доценти

43.        Чокморова Айнура – КМТУ, чет тилдер кафедрасынын башчысы, доценти

44.        Акынбекова Медеркуль – КМТУнун профессору, НАК доценти

45.        Борубаева Жамийла – КМТУ

46.        Алымкулова Нуржан – КМТУнун окутуучусу

47.        Кермалиева Венера – И.Раззаков атындагы КМТУ, ТИЛП кафедрасынын доценти

48.        Маслянова Ф.И. – И.Раззаков атындагы КМТУнун Жеңил өнөр жай технологиясы кафедрасынын доценти

49.        Чимчикова Майрамкуль – И.Раззаков атындагы КМТУнун Жеңил өнөр жай технологиясы кафедрасынын доценти

50.        Чукбаева Айгуль Мажитовна – И.Раззаков атындагы КМТУ, Жеңил өнөр жай технологиясы кафедрасынын доценти, улук окутуучусу

51.        Осмонбек кызы – И.Раззаков атындагы КМТУ

52.        Дуйшенбек кызы Наргиза – КМТУнун Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиясы кафедрасынын улук окутуучусу

53.        Уланбек кызы

54.        Айнабекова Айнур – И.Раззаков атындагы КМТУнун Машина куруу технологиясы кафедрасынын улук окутуучусу

55.        Дыйканбаева Урпия – И.Раззаков атындагы КМТУ, «Машина куруу технологиясы» кафедрасынын лаборатория башчысы

56.        Душенова Марина – И.Раззаков атындагы КМТУ, МПИ кафедрасынын улук окутуучусу

57.        Жолдошева Бактыгуль Мукашевна – И.Раззаков атындагы КМТУ, Электр энергетика кафедрасынын улук окутуучусу

58.        Четвертак Юлия Сергеевна – И.Раззаков атындагы КМТУнун ТК кафедрасынын улук окутуучусу

59.        Бирназарова Айнура – Н.Исанов атындагы КГУСТА

60.        Сарымбекова Эльмира – И.Раззаков атындагы КМТУнун Консервалоо технологиясы кафедрасынын окутуучусу

61.        Акунова Мира Талдыбековна – И.Раззаков атындагы КМТУ, ТИЛП кафедрасынын улук окутуучусу

62.        Белекова Жылдыз Шаршеналыевна – И.Раззаков атындагы КМТУ, «Машина куруу технологиясы» кафедрасынын окутуучусу

63.        Молдоканова Асылгуль – «Жеңил өнөр жай буюмдары технологиясы» кафедрасынын улук окутуучусу

64.        Упенова Айганыш – «Жеңил өнөр жай буюмдары технологиясы» кафедрасынын улук окутуучусу

65.        Орозбек кызы Раушан – «Жеңил өнөр жай буюмдары технологиясы» кафедрасынын лаборатория башчысы

66.        Жибек Шопокова – И.Раззаков атындагы КМТУнун окутуучусу

67.        Абылаева – И.Раззаков атындагы КМТУнун окутуучусу

68.        Усенбаева Айжан – И.Раззаков атындагы КМТУнун Технологиялык факультетинин окутуучусу

69.        Отунчиева Айнура – И.Раззаков атындагы КМТУнун Технологиялык факультетинин доценти

70.        Чыныбаева Айбике – И.Раззаков атындагы КМТУнун окутуучусу

71.        Муктарбек кызы Загира – И.Раззаков атындагы КМТУнун окутуучусу

72.        Долонова Гулмира – ОшМУнун экономикалык-географиялык факультетинин лаборанты

73.        Папиева Толкун – физика-математика илимдердин кандидаты, ОшМУнун алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы, илимий кызматкер

74.        Шамшиева Гулмира – ОшМУнун улук окутуучусу, компьютердик дизайн боюнча адис

75.        Гаипова Сюита – архитектор-дизайнер, ОшМУнун окутуучусу

76.        Абдуллаева Чолпон – физика-математика илимдердин кандидаты, ОшМУнун илимий кызматкери

77.        Атырова Рахат – техникалык илимдердин кандидаты, муниципалдык кызматкерлерди санариптик жөндөмдөргө окутуу боюнча машыктыруучу

78.        Жээнтаева Жумагүл – Кыргыз-Өзбек университетинин Табигый илимдер жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы

79.        Абдуллаева Жыпар – Химия илимдеринин кандидаты, Кумамото япон университетинин докторанты

80.        Артыкова Нурила – Инженер-программист, муниципалдык кызматкерлерди санариптик жөндөмдөргө окутуу боюнча машыктыруучу

81.        Садиева Бермет – “Билим” типографиясынын кызматкери, компьютердик дизайнер

82.        Момошева Гулиза – ОшМУнун экономикалык география боюнча илимий изилдөөчүсү

83.        Шамшиева Гулмира – компьютердик дизайн боюнча адис, ОшМУнун улук окутуучусу

84.        Хамзаева Айнура – экономика илимдеринин кандидаты, ОшТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын башчысы

85.        Артыкова Жылдыз – ОшМУнун информатика кафедрасынын доценти, социалдык жана тарбиялык иш боюнча проректор

86.        Сагынбаева Гулзада – Ош педагогикалык институтунун табигый илимдер жана математика факультетинин деканы

87.        Токтошева Жамила – Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн методисти

88.        Ормонова Абасхан – “Демилгелүү ишкер аялдар” коомдук фондунун директору

89.        Курманалиева Айзада – Билайн компаниясынын өнүктүрүү жана окутуу боюнча адиси

90.        Нарматова Гулзина – Кыргыз-Өзбек университетинин окутуучусу

91.        Беделова Нургул – физика-математика илимдердин кандидаты, ОшМУнун доценти

92.        Султанова Арууке Медетбековна – ОшМУнун инновациялык колледжинин улук окутуучусу

93.        Абжапарова Динара – ОшМУнун география жана табият таануу факультетинин доценти

94.        Абдылакимова Бегайым – философия илимдердин кандидаты, ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин директору

95.        Эгемназарова Айчүрөк – ОшМУнун окутуучусу

96.        Кулматова Сырга – ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин директорунун орун басары, инженер-электрик