“Эне мээрими-тынчтык үчүн,эл үчүн,үй-бүлө үчүн” аттуу темада семинар-тренинг болуп өттү

March 18, 2021, 11:12

“Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында  “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен биргеликте  Ош облусунун  Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүндө 2021-жылдын 17-мартында “Эне мээрими-тынчтык үчүн,эл үчүн,үй-бүлө үчүн”  аттуу темада семинар-тренинг болуп өттү.


Иш-чаранын ачылышында Төөлөс айыл өкмөтүн орун басары Тиленов Мурадилла “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан ишке ашырылып келе жаткан “Мигрант аял-өнүгүү түркүгү”долбоорунун алкагында айылда көп пайдалуу иш-аракеттер болуп жаткандыгы тууралуу айтып өттү.


Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,даңазалуу этнофольклордук “Уркуянын урпактары”тобунун негиздөөчүсү жана башчысы,Уркуя Салиева музейинин жетекчиси,үлгүлүү эне Зуура Миркамилова жаштарга аялзатынын орду тууралуу насаат сөзүн айтты.


Мектеп окуучусу Сапарова Айзат энелерге таазим билдирип “Апакем” атуу ырын тартуулады. Семинардын катышуучулары 5 топко бөлүнүп (Улуу муундун өкүлдөрү,Коомчулуктун өкүлдөрү,ата энелер,Мугалимдер,Окуучулар) тынчтыкты курууда аялзатынын орду тууралуу класстерлерди дайындап, презентациялашты.


Иш-чаранын жыйынтыгында Долбоордун алкагында эссе сынагынын жеңүүчүлөрүн чакырып сыйлыктарын тапшыруу аземи болду.


1-орунду алган Токтосунов Баяман Диплом жана Планшет менен сыйланды.

2-орунду Жунусов Муслим  диплом, смартфон жана китеп менен сыйланды.

Кызыктыруучу белектерге ээ болгон Асилбеков Урмат,Айдарбекова Бубурабия,Топчубай кызы сертификат жана китеп менен сыйланышты.