Эл аралык «Айымдар Форуму» болуп өттү

March 8, 2021, 08:54

2021-жылдын 7-март күнү онлайн форматында  эл аралык  “Айымдар форуму” болуп өттү. Иш чара  Германия Федеративдүү Республикасынын  Франкфурт шаарындагы  BIZ.e.V. (Bilding-Initiative-Zusammenarbeit/Билим-Демилге-Кызматташтык) Фонд ассоциациясы тарабынан уюштурулду.  Аталган  уюм  аялдар арасындагы өз ара байланышты түзүү, келечектеги долбоорлорго жана азыр иштеп аткан долбоорлорго колдоо көрсөтүү аркылуу    кыргыз коомунун өнүгүүсүнө салым кошуу максатын көздөйт.


Форумду BIZ.e.V  төраймы  Асел Сайран Дамир ачып, “Айымдардан айымдарга” долбоору бар экенин, биргелешип иштеп, Мекенибизге кызмат кылсак деген   ой  иш чаранын максаты экенин белгиледи.

 

Иш чарада Кыргыз Республикасынын экс-Президенти  Р.И.Отунбаева куттуктоо сөзүн сүйлөп,  аталган Форумдун демилгеси абдан туура экендигин белгилеп, бири бирибиз менен билимибизди  бөлүшүп туруу өтө маанилүү деди. Ошондой эле  Р.И.Отунбаева өнүккөн өлкөлөрдун бейөкмөт уюмдарынын иштөө тажырыйбасынан үлгү алууга жана  биргелешкен долбоорлордү түзүп, чогуу жүзөгө ашырууну сунуштады.


Андан соң “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Ш.Кендирбаева  аталган Фонддун  кыз-келиндерди өнүктүрүүгө арналган долбоорлорунун ишмердиктери жана  жыйынтыктары  тууралуу кенен маалымат берди.  Фонддун ишмердигин катышуучулар зор кызыгуу менен угуп, форум соңунда катышуучулар арасынан  кызматташуу жөнүндө сунуштарын да беришти.


Форумдун жүрүшүндө Туркиянын Анталья шаарындагы  “Кыргыз Айымдар коомунун” негиздөөчүсү  Перизат Асаналиева,  Германиянын Бавария аймагынан  “Кыргызстан үчүн үмүт” Кайрымдуулук фондунун жетекчилеринин бири  Гулайым  Эбенхох,  Швейцариядан  “Кыргызстанга көпүрө” уюмунан Айнагүл Мамырбаева  ж.б. өздөрүнүн  мигранттарды колдоо, Кыргызстанга жардам берүү жаатындагы ишмердиктери тууралуу кенен токтолушту. Миграциядагы аялдар тушуккан көйгөйлөрду да ортого салышты.


Ошондой эле  Германиядан  ЮНЕСКОнун  сабаттуулук боюнча программасынын координатору  Рахат Жолдошалиева  өз сөзүндө STEM тууралуу Кыргызстанда туура иш-аракеттер жүрүп жатканын белгилеп,  “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен бул багытта өзүнүн иштешүү сунушун да билдирди.


“Айымдар форумунун” жетекчиси  Акбермет Багачиева бул иш чаранын  таанышуу, баарлашуу максатында болгонун, мындан кийин форум тынбай өтүп, ар бир иш чара бир теманы талкуулоого  арналаарын  белгиледи.


BIZ.e.V.  төрагасы   Данияр Матикан  илимге басым жасоого чакырды.  Биз бул платформаны түзсөк,  маалымат алмашып турсак, өнүгүүгө өбөлгө боло турган долбоорлордун  бул уландысы болот.  Аялдын, эненин катышуусу жок коомдо өнүгүү болбойт.  Эркектер, аялдар арасындагы ажырым улам көбөйүп барат. Буга эркектер да күнөөлүү учурлар бар. Мындай иш чараларга эркектер  көбүрөөк катышууга  тийиш экендигин айтты.


Форумду жыйынтыктап жатып,  Асел Сайран Дамир күчтүү аялзаты бар жерде   гана күчтүү коом болоорун  белгилеп, катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.