Мигрант Аида Бакыт кызы тууралуу

March 4, 2021, 09:20
“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында журналисттер арасында жарыялаган жалпы республикалык Сынакка катышкан Алтынай Гапар кызы материалы. Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.



Жашоонун нугун билсең-жошоого негиз түзө аласың,жашоонун сырын билсең-жашооңду өзгөртө аласың.

Мына ушундай инсандарыбыз жашоодо жок эмес.Жаш болсо да жашоосун жаркыратып жашап келе жаткан инсаныбыз Аида Бакыт кызы тууралу төмөндө кеңири баяндайбыз.

Аида Бакыт кызы азыркы учурда Москва шаарында тигүүчүлүк менен иштейт. Тигүүчүлүк Аиданын кичинесинен кыялданган кесиби.
БАЛАЛЫКТАН БАШТАЛГАН ЖУМУШ.
Аида Бакыт кызы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнүндө 1999-жылы жарык дүйнөгө келген.Үй-булөөдө 5 бир туугандын экинчиси.Мектепте жакшы окугандыктан 10-классында экзамендерден бошотулат.Мына ошол учурда достору Аиданы тигүүчүлүккө сунушташат, себеби Аида тигүүчүлүктү кичинесинен эле жакшы көрүп, үйдө олтуруп эле кооз көйнөктөрдү,төшөктөрдү тигип жургөн.Бир жагынан ошол учурда Аидага жумушта заарыл болчу.Ата-эненси Москвада болгондуктан,бир туугандарын карашта Аиданын жоопкерчилигинде эле.Ошол учурдан тартып Аида үй-бүлөөсүнө жардам катары тигүүчүлүк менен алектенип иштеп келет.

МОСКВАДАГЫ КҮНДӨР
Турмуш шартына байланыштуу 2016-жылы мектепти аяктабастан, сентябрь ичи гана окуп Москва шаарына кетет.

Саламатсызбы! Аида айым мигрант аял ким? Ким үчүн иштейт? Чет өлкөдө иштеп жүргөн аялдарга көз карашыңыз,пикириңиз кандай?

Москвада да бир топ кыйынчылыктарды көп көрөт.Биринчи эле жашы жетпегендиктен жумушка орношо албайт Бирок Казакстан республикасына барып бир жыл иштеп келет.Жашы жетпегендиктен маянасына да аз берчү.Андан соң 18ге чыгып Россияга кайра келип тигүүчүлүккө орношот.2017-жыл Аида үчүн эң эле оор жыл болот,себеби ушул жылы атасынан айрылат.Мурдагы жоопкерчилик дагы да күчөйт.Мына ушундай кыйынчылыктарды жеңип өтүп,азыркы учурда Москва шаарында 4 жылдан бери тигүүчүлүк менен иштеп келет.Пандемия учурунда дагы токтоп калбастан бет каптарды(маскаларды) тигип,үй-бүлөсүнө гана эмес дүйнө жүзүндөгү элдерге да пайда алып келген.Азыркы учурда "КМДБ , надежда диний окуу борбор " курсунда окуйт.
КЫСКАЧА МАЕК
-Келечеке көз карашымды айтканда адам жөндөн жөн эле жашабаш керек,убакытты балай билиш керек ,Бир ишти жасаганга ушунчалык аракет кыласын бирок убакыт сааты чыкпаса барибир ишке ашпайт экен ,Келечеке план ЖОЖ тапшырып башталгыч класстарга сабак берсем ,азыркы жетилип келе жаткан өспүрүмдөрдүн бул жашоодо фундаментин жакшы куруп тура жолду көрсөтсөм дейм..Ананда бир үйдүн мыкты келини ,жарокер жубай мээримдүү эне болсом ...

Саламатчылык! Миграт дегенде бул жака баары жыргагандан келбейтда баарынын өзүнө жараша түйшүктөрү бар, Москвага барган кыздар бузулуп кеткен деп көбү айтат бирок беш кол тен эмес,Москва мага кандай жашоону үйрөттү,жашоодон чыйралдым ,Иштегеним тапкан акчам баары Үй-бүлөмө инилериме жардам болду ,бирок жашоодон көргөн бардык сыноолор өзүм үчүн келечегим үчүн жакшы болду ,келечекте эмне болот деп коркпоймун.Ийгиликтүү кадамдарым дагы да алдыда..
Келечеке болгон көз карашыңыз өзгөрдүбү? Алдыда кандай пландар бар?
Эркин сөз.Кыргызстанга мигрант айымдан салам жолдомолор болсун!
-Тулган жердин топурагы алтын эмеспи, өзүмдүн туулуп өскөн айылымды шаарымды Мекенимди айбай сагынамын,Мекендин баркын элдин баркын Мекенден элден алыс болгондо сезет экенсин ,Аз кундөр калды сагынычтуу саламдар менен жакынкы күндөрдө барамын.
Маегиңизге рахмат.Сиздин да ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз!
Жазган: Гапар кызы Алтынай.