«Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылары менен таанышуу жолугушуусу болуп өттү

February 18, 2021, 18:52

Иш-чарага КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Абубакир Жураев, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык билим берүү башкармалыгынын талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Анара Акмашаева, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын Аткаруучу директору Догдургуль Кендирбаева, «Илимдеги кыздар» долбоорунун программалык менеджери Нора Суюналиева, «Илимдеги кыздар» долбоорунун координатору Роза Кайыкова, «Илимдеги кыздар» долбоорунун эксперттери Анипа Усупкожоева, Гулжамал Султаналиева катышты.


Иш-чара КР эл артисти, «Манас» президенттик камералык оркестринин жетекчиси Эрнис Асаналиев классикалык музыкалык номерди аткарышы менен башталды.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын Аткаруучу директору Догдургуль Кендирбаева насаатчыларга кайрылуу менен сөз сүйлөдү жана менторлордун ролунун маанилүүлүгүн белгиледи. «СТЕМ билим берүү жагындагы менторлук – бул табигый-техникалык багыттагы тармактарда кыздарды өнүктүрүү үчүн өбөлгө. Насаатчылык курсунан өткөн кыздар STEM’ди тандоо артыкчылыгын аңдап-түшүнүүгө жана STEM’де мансабын же билимин улантууга тийиш», – деп белгиледи Догдургуль Шаршеевна.


Билим берүү министрлигинин өкүлү Абубакар Жураев «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуна ыраазычылык билдирди жана Фонд көптөгөн жылдар бою өлкөнүн билим берүү тармагын алга илгерилетүү жана өнүктүрүү максатында иш жүргүзүп жатканын белгиледи. Ошондой эле насаатчылык программасынын катышуучуларынын алдында Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык билим берүү башкармалыгынын талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Анара Акмашаева сөз сүйлөдү.


«Илимдеги кыздар» долбоорунун программалык менеджери Нора Суюналиева мектеп курагындагы кыздар үчүн насаатчылык программасынын маанилүүлүгүн белгиледи: «Долбоорго катышып жаткан бул кыздар – келечектеги аялдар, алар КРда илимди алга илгерилетет».


Менторлор кыздар үчүн ролдук модель болуп саналат, деп белгиледи «Илимдеги кыздар» долбоорунун эксперти Анипа Усупкожоева: «Ментор шакирттер менен ишенимдүү мамилелерди түзөт, долбоордун катышуучулары менен ар айдагы жолугушууларды өткөрөт. Шакирттин натыйжасыз жана стереотиптүү жүрүм-туруму жана ынанымдары менен иштейт, коомдогу баарлашуу жана жүрүш-туруш маданиятын өнүктүрүүгө үйрөтөт».


Тең-теңи менен методу боюнча тренингден өткөн «Илимдеги кыздар» долбоорунун катышуучулары Нурайым Асанова менен Бегайым Бакирдинова «Кыздын тилеги» деген өз презентациясында «Илимдеги кыздар» долбоору аларга ачкан мүмкүнчүлүктөр жана өз теңтуштары үчүн машыктыруучулардын ролу жөнүндө айтып берди.


Ошондой эле иш-чаранын спикери, Technovation Girls Kyrgyzstan, TechWomen 2018дин расмий амбассадору, Techaim КФнын тең негиздөөчүсү менторлорго дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы насаатчылык программасынын ролу жана маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди.


«Илимдеги кыздар» долбоорунун эксперти Султаналиева Гүлжамал «Ментордун ишинде гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алуу» деген темадагы презентация менен сөз сүйлөдү.


Мейман спикер Джамиля Иманкулова – Эл Групп Консалтингдин негиздөөчүсү жана башкаруучу өнөгү насаатчыларга «Менторлук боюнча ийгиликтүү таржымалдарды» айтып берди.

 

«Илимдеги кыздар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында (2021-2022-жж.) 200 ментор жана Бишкек шаарынын, Чүй областынын Аламүдүн, Сокулук райондорунун, ошондой эле Ош шаарынын, Ош областынын Кара-Суу районунун пилоттук мектептеринен 2600 кыз тандап алынды. Менторлук курстар үч этап менен уюштурулат, мында менторлор өз шакирттерин 5 ай бою коштойт. 2021-жылдын мартынан тартып бизнес-ассоциациялардан жана STEM кесиптеринин өкүлдөрүнөн 100 ментор менен менторлук курстардын биринчи этабы башталат. Ар бир менторго Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй областтарынын мектептеринин 7-10-класстарындагы, ЖОЖдорго СТЕМ адистиктерине тапшырууну пландаштырып жаткан кыздардын тобу бекитилет.