И. Раззаков атындагы КМТУда STEM кышкы мектеби ачылды

February 17, 2021, 21:10

17-февралда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 6-кышкы STEM мектебинин ачылышы болуп өттү. Лагерди Кыргыз-Герман техникалык институту «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен бирдикте Германиянын академиялык алмашуу кызматынын колдоосу менен уюштурду.

 

Быйылкы жылы STEM кышкы мектебинде «Илимдеги кыздар» долбоорунун катышуучулары окутуудан өтөт.

 

STEM кышкы мектебинин ачылышына КР билим берүү жана илим министринин орун басары Н.К. Өмүров, И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору М.Чыныбаев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун Аткаруучу директору Догдургуль Кендирбаева, «Илимдеги кыздар» долбоорунун программалык менеджери Нора Суюналиева, «Илимдеги кыздар» долбоорунун пилоттук мектептеринин директору, «Секом» ББнын окуу бөлүмү боюнча директорунун орун басары Аида Шамырканова, ЖРТга даярдоо боюнча долбоордун катышуучулары жана «Илимдеги кыздар» долбоорунун командасы катышты.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын Аткаруучу директору саламдашуу менен сөз сүйлөдү. STEM мектебинин ачылышында КР билим берүү жана илим министринин орун басары Н.К. Өмүров сөз сүйлөдү, ал өз сөзүндө өлкөнүн билим берүүсүн өнүктүрүүгө салымы үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФга ыраазычылык билдирди. «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ көптөгөн жылдардан бери билим берүү тармагында салмактуу иш жүргүзүп жатат, СТЕМ билим берүүнү алга илгерилетүү жана даңазалоо боюнча системалуу ишти уюштурду, ушулардын бардыгы үчүн сиздерге биз ыраазычылык билдиребиз», – деп белгиледи Нурлан Өмүров.

 

И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев өз сөзүндө STEM багытынын маанилүүлүгүн белгиледи жана бардык мектеп окуучуларын техникалык адистиктерге тапшырууга чакырды.

 

Нора Суюналиева «Илимдеги кыздар» долбоорунун презентациясын жасады.

 

Анипа Усупкожоева иш-чаранын катышуучуларына STEM мектеби, мектептин программасы жөнүндө айтып берди жана университеттин STEM багытындагы бардык лабораториялары боюнча экскурсия өткөрдү.

 

STEM кышкы мектебинин учурунда долбоордун пилоттук мектептеринин окуучулары төмөнкүлөр жагынан инженердик билим дүйнөсүнө жуурулуша алат: машина куруу, энергиянын орду толуп туруучу булактары, гидроэнергетика, телематика, биомедициналык инженерия, биоинформатика, логистика, тамак-аш инженериясы, тамак-аш технологиясы, текстиль жана тери технологиялары, полиграфия, колдонмо математика.