STEM’деги 100 ийгиликтүү айым «Илимдеги кыздар» долбооруна катышкан кыздар үчүн насаатчы болуп калат

February 16, 2021, 21:28


 

ПРЕСС-РЕЛИЗ


STEM’деги 100 ийгиликтүү айым «Илимдеги кыздар» долбооруна катышкан кыздар үчүн насаатчы болуп калат



2021-жылдын 18-февралында саат 9:30да «Рамада» отелинде «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылары менен танышуу жолугушуусу болуп өтөт.

  

Иш-чарага КР билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров, Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын начальниги Э.С. Иманалиева катышат.

 

Насаатчылык программасынын максаты: кыздарды STEM-билим берүүгө жана патриоттук тарбиялоого тартууга багытталган билим берүүнүн натыйжалуу системасын түзүү.

 

«Илимдеги кыздар» долбоорун ишке ашыруунун (2021-2022-жылдар) алкагында 200 насаатчы жана Бишкек шаарынын, Чүй олбастынын Аламүдүн, Сокулук райондорунун, Ош шаарынын жана Ош областынын Кара-Суу районунун пилоттук мектептеринин 2600 окуучу кызы тандалат. Ментордук курстар үч этап менен уюштурулат, мында 5 ай бою насаатчылар өздөрүнүн шакирттерин коштойт. 2021-жылдын мартынан тартып ментордук курстардын биринчи этабы ишке тартылган бизнес-ассоциациялардын 100 ментору жана STEM-кесиптериндеги айымдар менен башталат. Ар бир насаатчыга Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй областтарынын мектептеринин STEM адистиги боюнча ЖОЖдорго тапшырууну пландаштырып жаткан 7-10-класстарынын кыздарынын тобу бекитилет.

 

STEM билим берүү жагындагы насаатчылык – бул табигый-техникалык багыттагы тармактарда кыздарды (шакирттерди, башкача айтканда, ментини) өнүктүрүүнүн өбөлгөсү. Насаатчылык курстарынан өткөн кыздар STEM’ди тандоонун артыкчылыгын аңдап-түшүнүүгө тийиш.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын долбоорунун алкагында натыйжалуу насаатчылык билимдерин жана жөндөмдөрүн өркүндөтүү үчүн «Ментор үчүн колдонмо» иштелип чыккан, ал эми алынган билимдерди кыздар ийгиликтүү пайдаланышы үчүн «Шакирттин күндөлүгү» иштелип чыккан.

 

Бардык иш-чараларды ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча, бери болгондо насаатчылык курсунан өткөн үч миң кыз STEM’ди тандоонун артыкчылыгын аңдап-түшүнөт жана STEM’де өз мансабын же билимин улантат деп пландаштырылып жатат.



Насаатчылар менен таанышуу жолугушуулары 6 күн аралыгында Бишкек шаарында жана Ош шаарында өтөт.



Менторлор үчүн иш-чаралардын жүрүшүндө төмөнкүдөй темалар боюнча тренингдерди өткөрүү пландаштырылып жатат:

 

18.02.2021 Нора  Суюналиева – ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун программалык координатору

«Илимдеги кыздар», «STEM’деги айымдар, STEM’деги кыздар», «Global gender» долбоорунун презентациясы

 

ЕленаЧигибаева – Technovation Girls Kyrgyzstan, TechWomen 2018 расмий амбассадору, ОФ Techaim’тын тең уюштуруучусу, STEAM Ambassador

«Дүйнөдө жана Кыргызстанда ментордун ролу»

 

Усупкожоева Анипа – СТЕМ билим берүү боюнча долбоордун эксперти. КМТУнун алдындагы Кыргыз-Герман институтунун директору, техникалык илимдердин кандидаты, кафедранын профессору.

 

Султаналиева Гулжамал – гендер боюнча эксперт.

Презентация: Насаатчынын жана шакирттин өз ара аракеттенүүсү», «Насаатчынын ишинде гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алуу».

 

23.02.2021 Айнура Сагынбаева – «SIAR research& consulting» ЖЧКнын башкы директору, «Steppe Learning KG» ЖЧКнын директору

«Дүйнөдө жана Кыргызстанда ментордун ролу»

 

24.02.2021  Гулзира Миңбаева – Khan Academy Kyrgyz, TechWomen 2018дин расмий өкүлү, Techaim КФнын тең уюштуруучусу, Математик, STEAM Ambassador

 

«Дүйнөдө жана Кыргызстанда ментордун ролу»

Насаатчылык боюнча ийгиликтүү таржымалдар

«ЖОЖго тапшыруу, ЖРТга даярдануу, кесипти тандоо, эл аралык ЖОЖдорго документтерди берүү, олимпиадаларга даярдануу»

25.02.2021 Мадина Самакбаева – Химик-эколог, тамак-аш коопсуздугу боюнча эксперт, easyscience.kg, TechWomen 2020-2021дин негиздөөчүсү, Techaim КФнын тең уюштуруучусу, STEAM Ambassador

«Дүйнөдө жана Кыргызстанда ментордун ролу»

 

27.02.2021  Жыргал Ботобаева – «Финка» банкынын долбоорлорунун менеджери жана бизнес талдочусу, Techaim КФнын тең уюштуруучусу, STEAM Ambassador, «Дүйнөдө жана Кыргызстанда ментордун ролу»

 

Ош шаарында насаатчылар менен таанышуу жолугушуусу


19.02.2021    Каныкей Самиева – Тэкайым 2020 программасынын бүтүрүүчүсү, Ош технологиялык университетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын доценти, КРУБдун финансылык сабаттуулук боюнча машыктыруучусу.

«Дүйнөдө жана Кыргызстанда ментордун ролу» Ментордук боюнча ийгиликтүү таржымалдар

«Кесипти тандоо, ЖОЖго тапшыруу, жекече өнүгүү»

20.02.2021  Айнура Хамзаева– «Тэкайым 2020» программасынын бүтүрүүчүсү, экономикалык илимдердин кандидаты, ОшТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын доценти, башчысы.

«Дүйнөдө жана Кыргызстанда ментордун ролу»