Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында STEM программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуу

February 4, 2021, 09:20

Бүгүн, 4-февралда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин конференц-залында Кыргыз Республикасынын билим берүү системасындагы долбоорлордун алкагында STEM программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуу өтүп жатат.

 

Жолугушууга «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Д.Ш.Кендербаева, «Илимдеги кыздар» долбоорунун координатору жана эксперттери, КР БжИМдин, КАОнун, РИПКППРдин, НЦОКОИТтин жетекчилери жана, ВБ ОКПнын адистери катышып жатат.

 


ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорун «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду АУЦАнын Инновациялык колледжи жана “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө жүзөгө ашырып жатат.