«Илимдеги кыздар» ЖРТга акысыз даярдоо окуусуна катышууда

January 23, 2021, 22:04

23-январдан тарта  «SECOM» билим берүү борборунда Жалпы республикалык тестирлөөгө  «Илимдеги кыздар» долбооруна катышкан кыздарга окутуулар башталды. Окутууда STEM-предметтерине терең басым жасалайт дейт уюштуруучулар.


Аталган окутууга Бишкек шаары, Ош жана Чуй облустары жана Ош облусунун Кара-Суу районунан пилоттук 81 мектептен 387 окуучу тандалып алынган. Алар 23-январдан тарта алгачкы сабактарга катышып баштады дейт «Илимдеги кыздар» долбоорунун эксперти Анипа Усупкожоева.


«ЖРТ га даярдоо – «Илимдеги кыздар» долбоорунун бир бөлүгү. Ал эми долбоордун экинчи багыты менторлук программа. Учурда ЖРТга даярдоо боюнча кыздар тандалып алынды. Алар атайын пилоттук мектептерден, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жана STEM (илим, технология, инженерия, математика) багытын каалаган кыздар тандалды. Бул багыт Кыргызстанда жаңыдан өнүгүп келе жаткан багыттардын бири».


«Илимдеги кыздар» долбоору «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгелеген. Аталган фонд Кыргызстандагы кыз-келиндердин так илимдерге болгон кызыгуусун, билимин жогорулатуу боюнча иш алып барып келет.


 «Мектеп бүтүрүүчүлөрү дагы табигый так илимдер факультеттерине өтүү үчүн ЖРТдан жогорку балл алуусу керек. Биздин эң биринчи аракетибиз ЖРТдан жогорку балл алууга даярдоо, кесиптик тандоолоруна багыт көрсөтүү. Мындан тышкары, долбоордун алкагында Кыргызстанда STEM багыты боюнча адистерди даярдап жаткан университеттерге экскурсия уюштуруу пландарыбыз бар», деп кошумчалады «Илимдеги кыздар» долбоорунун эксперти Анипа Усупкожоева.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун директору Догдургүл Кендирбаева төрт багытта иштер жасалып жатканын белгиледи. Алар: өлкөнүн так илимдер боюнча саясатын жана так илимдер боюнча эмгек рыногун аныктоо, устат-шакирт компоненти, ЖОЖдордо табигый-так илимдерге өтүүсүнө көмөк көрсөтүү.


«Дүйнөгө жасалма интеллект, технология мезгили келди. Кыргызстанда да дал ушул багытта эмгек орундары табылаары жана сунушталаары мамлекет тарабынан күтүлүп жатат. Алардын ичинде  тоо-кендери, IT тармагы, креативдик экономика багыты бар. Кыргызстанда кыздардын илимге аралашуусу абдан төмөнкү көрсөткүчтө. Ошондой эле жакынкы жылдары 57 кесип өзүнүн актуалдуулугун жоготот. Мындан улам, Ош жана Чүй облустарындагы жаңы конуштардагы мектептер менен иштеп жатабыз».


«Илимдеги кыздар» программасы 2022-жылга чейин кеминде 15 миң кызды тренингдерге катышууга  тартуу максатын көздөйт.


Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында  өлкөдөгү 15-19 жаштагы окуучу кыздардын техникалык илимдерге кызыгуусун арттырып, ийгилик жаратууга шарт түзүүнү көздөйт.


Долбоорду «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Борбор Азиянын Америка университетинин колледжи жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.


http://kyrgyzmedia.kg/