Ош шаарында "Илимдеги кыздар" долбоорунун катышуучулары үчүн ЖРТга даярдоо окутуулары башталды

January 16, 2021, 10:58

Ош шаарында “Илимдеги кыздар” долбоорунун Ош облусу боюнча тандалып алынган катышуучу кыздар үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоочу курстар башталды.


Окутуулар ар бир ишемби,жекшемби күндөрү өтүп турмакчы.


Окуучу кыздар кечээ, 15-январда каттоодон өтүп, сабактардын графигин алышты. Долбоордун катышуучуларына багыттоочу сөз айтылып, STEM адистиктеринин артыкчылыктары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле ЖРТга даярдоо курсуна тандалып алынган кыздарга сабактарга катышуу жоопкерчилиги, тартип тууралуу айтылды.


“SECOM” билим берүү борбору тарабынан тестке даярдануу боюнча китептер таратылды.


Кыздарга ийгилик каалайбыз, үч айлык даярдык мыкты деңгээлде өтүп, ЖРТ дан эң жогорку баллдарды алышыңарга тилектешпиз!