2021-жылдын 5-январында Ош мамлекеттик университетинде Юнисефтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында жолугушуу болуп өттү

January 5, 2021, 20:57

2021-жылдын 5-январында  Ош мамлекеттик  университетинде Юнисефтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы  жана Ош облусунун Кара Суу районундагы 20 пилоттук мектеп директорлору жана жооптуу куратор, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары менен жолугушуу болуп өттү.

 

Жолугушууда Балдарды коргоо борборунун директору Мира Итикеева, Ош шаарындагы СТЕМ боюнча эксперт Жылдыз Артыкова, “Илимдеги кыздар” долбоорунун эксперти Анипа Усупкожоева катышты

 

 “SECOM” билим берүү борборунун орун басары Аида Шамырканова, “Илимдеги кыздар” долбоорунун координатору Роза Кайыкова жана координатордун ассистенти Альбина Осмоналиева “Zoom” платформасы аркылуу онлайн режимде телемостко катышышты.

 

“Илимдеги кыздар” долбоорунун координатору Роза Кайыкова жолугушуунун максатын жана долбоор жөнүндө кыскача маалымат берди.

 

Долбоорунун эксперти Анипа Усупкожоева  СТЕМ тармагынын артыкчылыктарына токтолуп, ментордук колдоо аркылуу ачыла турган мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди.

 

“SECOM” билим берүү борборунун орун басары Аида Шамырканова ЖРТга даярдык курстары тууралуу маалымдап,канча кыз тапшырып, кандай баллдарды топтогону тууралуу билдирди.

 

Жолугушуунунун жыйынтыгында “Илимдеги кыздар” долбоорунун командасы мектеп директорлоруна ЖРТга даярдала турган кыздарга колдоо көрсөтүп, долбоордун алдына коюлган максаттарга жетүүгө болгон күч аракетти жумшоого чакырышты.