Дипломат Бактыгүл Каламбекова Кытайдын сыйлыгын алды

December 19, 2020, 14:43

Бээжинде 18-декабрда "Кытайдан атайын китеп сыйлыгын" тапшыруу аземи өттү.

Иш-чарада кыргыз-кытай маданий байланышын өнүктүрүү жана бекемдөөгө кошкон салымы, Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин "Мамлекеттик башкаруу жөнүндө" деп аталган китебин кыргызчага которгону үчүн Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси, дипломат Бактыгүл Каламбекова сыйлык алды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл сыйлык 15 мамлекеттин өкүлдөрүнө тапшырылды. Алардын арасында Орусия, Англия, Аргентина, Вьетнам, Германия, Италия, Польша, Сербия жана АКШнын өкүлдөрү бар. Жеңүүчүлөр ар кайсы мамлекеттерден катышкан 314 талапкердин арасынан тандалган.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу жеңүүчүлөрдүн баары сыйлык берүү салтанатына катыша алган жок. Бактыгүл Каламбекованын сыйлыгы Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгуловага берилди.

«Кытайдын атайын китеп сыйлыгы" жыл сайын берилип турат. Өлкөнүн Басма сөз мамлекеттик агенттиги негиздеген сыйлык Кытай менен чет мамлекеттердин ортосундагы маданий байланышка салым кошкон котормочуларга, жазуучу-акындарга 2005-жылдан бери ыйгарылып келет. (NT)

Источник: Азаттык