2-ноябрь – Кыргызстандын Маданият кызматкерлеринин күнү

November 2, 2020, 09:28

Жыл сайын 2-ноябрда Кыргызстандын маданият кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилейт.

 

Кыргызстан калкынын руханий турмушунда маданияттын маанилүүлүгүн жана ал өзүнүн маанисин эч качан жоготпой тургандыгын эске алып жана 1926-жылдын 2-ноябрында Кыргыз элдик драмасынын тарыхында биринчи болуп И.Токобаевдин «Кыйгылуу Какей» пьесасы коюлганын эске алып, ошондой эле маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүү максатында ушул майрам – Маданият кызматкерлеринин күнү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 28-июлундагы № 318 токтому менен белгиленген.

 

«Кыйгылуу Какей» драмалык чыгарма болуп саналат, ал реалисттик көркөм өнөрдүн талаптарына жооп берет. Бул драма ошол мезгилдеги эң маанилүү жана актуалдуу темага – аялдардын коомдогу теңдештигине арналган.

 

Өздөрүнүн кесиптик майрамында маданият чөйрөсүнүн бардык кызматкерлери өздөрүнүн маанилүү эмгеги үчүн куттуктоолорду жана ыраазычылыктарды алат.

 

Бүгүн да «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу Роза Отунбаеванын дарегине Азиза Океевадан куттуктоо сөздөрү жана ыраазычылык сөздөрү келип түштү:

 

«Роза Исаковна, Сизди маданият күнү менен куттуктайбыз! Соңку жылдары маданиятты өнүктүрүү үчүн Сиздин Фондуңуз жасаганчалык ишти бүткүл Маданият министрлиги да жасай элек».

 

 

Кымбаттуу маданият ишмерлерибиз!


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайт! Сиздерге чыгармачылык шыктанууну, сиздердеги ойлор жана фантазиялар көкөлөп учуп турушун, жаңы долбоорлор ийгиликтүү ишке ашышын каалайбыз. Сиздердин эмгегиңиздер бул дүйнөнү кызыктуу кылып жана көркөмдөй берсин! Чыгармачылыгыңыздар күчөй берсин!