Р.И.Отунбаева «Медайымдарга гүлдесте» акциясын өткөрөт

October 2, 2020, 09:01

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун  негиздөөчүсү  Роза Отунбаева жыл сайын өзүнүн  туулган күнүнө белекке келген куттуктоо гүлдестелерди төрөт үйлөрүндө жаңы көз жарган энелерге жана эмгек ардагерлерине жөнөтүп турат.



Жакында Р.И.Отунбаева 70 жашка чыкты. Сөзсүз бул күнү жүздөгөн гүлдестелер белекке берилээри белгилүү. Ошондуктан Роза Исаковна кимде ким гүлдесте белекке берем десе аларды сатып албай, ал каражатты атайын эсепке жөнөтүү боюнча  кайрылды.  Эсепке чогулган бардык акча кыргыз элинин башына  апаат күндөр түшүп, ажал тооруп турган учурда өз жанын аябастан, «кызыл зонада» иштеген биздин каарман медайымдарга  берилээрин белгиледи.


Муну менен бирге  Р.Отунбаева  саламаттыкты сактоо кызматкерлерин колдоо максатында «Медайымдарга гүлдесте» демилгесин өткөрөөрү жөнүндө коомчулукка билдирди. Ушул күндөрү «Медайымдарга гүлдесте» демилгесинин алкагында Р.Отунбаева атайын ачылган эсептен 30 медайымга 10 000 сомдон акчалай сыйлык жана  Фонд тарабынан чыгарылган  «Манас» китебин белекке тартуулап жатат. Ошондой эле  «Элибизди апаат каптап, көз чачырап турган  чакта өз жанын тобокелге салып,  жүздөгөн, миңдеген адам  өмүрүн сактап калган  медайымдардын  эрдигине   таазим кылам жана  терең ыраазылыгымды билдирем. Сиздерге бекем ден соолук, бактылуу, таалайлуу өмүр каалаймын!» деп билдирет ал өзүнүн катында.


Албетте, өлкөбүздө эмгектенип жаткан ар бир медайым мындай сый урматка, мындан да жогору сыйга татыктуу деп эсептейбиз.  Ошон үчүн Роза Исаковна көтөрүп жаткан демилге коомубуздагы кайдыгер эмес инсандар тарабынан тегиз колдоого алынат деген ишенимдебиз!


Келгиле, кооптуу «кызыл зонада» жанын оозуна тиштеп, ар бир адамдын өмүрү  үчүн күрөшкөн мээрман, эр жүрөк  медайымдарды колдойлу, көкөлөтүп, сый көрсөтөлү!

 

Эске сала кетсек, Роза Исаковна пандемиянын мезгилинде өз каражатынан биринчи жолу жардам берип жаткан жок.  Ал Бишкек шаарынын Ынтымак турак жай конушундагы күндүзгү стационарга 150 000 сомдон ашык каражатты которду, Талас областынын ооруканасына – кызыл зонада иштеп жаткан доктурларга 150 000 сом жардам берди. Нарын областына 1000 даана беткап жөнөттү. Ошондой эле  Р.И.Отунбаева коронавируска чалдыккан оорулууларды дарылап жаткан медициналык кызматкерлерди колдоо үчүн өзүнүн пенсиясынан 1 миллион сом бөлүп берген.


Байланыш номер 0772 85 57 10  Шайдуллаева Топчугүл




КОВИД менен күрөшкөн “Медайымдарга  ыраазычылык букети” акциясына республиканын аймактарында алгачкылардан болуп КОВИД очогунда күрөшкөн медайымдардын тизмеси


Область

А.А.А

Иштеген жери

Стаж

Өзгөчө эмгеги

1

Баткен

Кутуева Мээрим Сайтираимовна

Обл ЦСМ кеңеш берүү жана дарылоо бөлүмүнүн медайымы

2003 жылдан бери

КОВИДдди профилактикалоо иши

2

Баткен

Лейлек району

Аликулова Бамта Курсанбаевна

Лейлек ЦСМ инфекциялык көзөмөл бөлүмүнүн медайымы

 

Мигранттардын обсервациясында жана кызыл зонада,   иштеген

3

Ош обл

Төлөшова Гүлнура Амировна

Ош областтык бириккен клиникалык  ооруканасынан консультативдик дарт аныктоо бөлүмүнүн улуу медайымы

31 жыл

 

4

Ош шаары

Абдураимова Жанна Сулаймановна

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директорунун мээрман эже иши боюнча орун басар

1992 жылдан бери

КОВИДди профилактикалоо, уюштуруу жана тушүндүрүү иштери

5

Ош шаары

Халназарова Озода Камильевна

 

2003 жылдан бери

Түшүндүрүү жана алдын алуу иштери

6

Ош шаары

Мирзаева Үмүт Абдраимовна

Ош шаардык тез жардам көрсөтүү бекетинин башкы медайымы

2 жыл

Пандемия учурунда  тынымсыз иштеген

7

Жалал Абад обл

Сейдалиева Зарина Тойчуевна

Жалал Абад областтык клиникалык ооруканасынын инфекция бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүнүн медайымы

20 жыл

2020 жылдын 19 марттан баштап кызыл зонага 5 ирет кирип иштеген.

8

Жалал Абад. Сузак

Сатыбалдиева Майрамкуль Сариевна

Сузак райондук үй-бүлөлүк  медицина  борборунда медайым болуп эмгектенет.

1991 ж

Инфекциялык көзөмөлдү катуу тартипте уюштуруу менен медициналык кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылды.Обсервацияда Умрадан келгендерди жана башка өлкөдөн келген 927 жаранды, алар менен контактта болгон 6183 кишини УДТ жана ФАПтын кызмакткерлери менен биргеликте  тактап көзөмөлгө алып, пандемиянын таралышына бөгөт жасоо иш чараларын сапаттуу уюштурушту.

9

Талас областы

Казыбекова Жылдыз Болотканова

Талас  аймактык ооруканасынын  жугуштуу оорулар  бөлүмүнүнүн күзөттөгү мээрман болуп иштейт

2013 жылдан бери

4 жолу  14 күндөн КОВИД оорусу менен ооруп жаткан бейтаптарга  күнү түнү эмгектенген

10

Талас областы

Канаева Гульниза Мухаровиновна

Кара- Буура   аймактык   ооруканасынын    жугуштуу   оорулар   бөлүмүндө  иштеп жатат.  Жогорку   категориядагы  мед  айым.

2001 жылдан бери

Кара –Буура  аймактык  ооруканасында   COVID- 19 илдети менен  күрөшүүдө жугуштуу  оорлар  бөлүмүнүн  кызыл  зонасында  эмгектенди, 3 жолу 14-кундук вахтага катышып,  күнү-түнү эмгектенип жумуштагы өзүнүн жоопкечилигин жана активдүүлүгүн көрсөттү.

 

11

Талас областы

Джуманалиева Индира Ражапкуловна

медицинская сестра инфекционного отделения Таласской областной обьединеннолй больницы.

 

Работала в “ красной

зоне” инфекционного отделения Таласской ООБ дважды с 23.06.20г. по  07.07.20 года и с 19.08.20 г. по 02.09.20 г. Находясь в “красной зоне” инфекционного отделения Джуманалиева Индира выполняла все медицинские манипуляции и процедуры: инъекции, взятие анализов, постановка катетеров, назогастральных зондов, мочевых катетеров, подключение к аппарату НИВЛ, укладывание больного в прон-позицию.

 

12

 

Жалал-Абад обл

Ырысбек кызы Гульзада

Ноокен райондук территориялык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүнүн медайымы

2015 жылдан бери

2 жолу кызыл зонада иштеген. Жаш медайымдардын насаатчысы

13

Нарын обл

Дөөлөталиева Назира

УМБУнун инфекциялык көзөмөл боюнча медайымы

2006 жылдан бери

 

14

Нарын обл 

Токталиева Нарынгүл Таабалдиевна

Нарын үй бүлөөлүк медицина борборунда  директордун орун басары

33 жыл

КОВИД учурунда алдын алуу , түшүндурүү жана ментордук ишти аткарган

15

Нарын обл

Ак-Талаа р\ну

Абдыбаитова Чынара Асанкуловна

1989-2002 жж       Реанимация бөлүмүндө иштеген. 2002 жылдан бери обл ЦСМде  башкы медайым болуп эмгектенет.

1989 жылдан бери

Мобилдик бригадада жана кызыл зонада иштеген

16

Ысык-Көл

Чыкматова Замира

Областтык бириккен ооруканасы, медсестра

26 жыл

Тынымсыз кызыл зонада иштеген

17

Ысык Көл

Омуралиева Жылдыз Арыковна

Ысык Көл райондук аймактык  ооруканасынын соматика бөлүмүнүн медайымы

2005 жылдан бери

Тынымсыз кызыл зонада иштеген

18

Бишкек\   Свердлов р-ну

Сыдыкова Кайыркул

ГСВ № 19 ЦСМ № 9 ОЦСМ

29 жыл

Мобилдик бригадада жана кызыл зонада иштеген

19

Бишкек\   Свердлов р-ну

Жакыпова Чынара Жумабековна

ГСВ № 2 ОЦСМ

23жыл

Мобилдик бригадада жана кызыл зонада иштеген

20

Бишкек\Биринчи май району

Чаарова Акчайым Мукашевна

ГСВ №3 ОЦСМ

1989 жылдан бери

Тынымсыз кызыл зонада иштеген

21

Бишкек\Биринчи май району

Козубаева Надира Козубаевна

ГСВ №10 ЦСМ №14

1999 –жылдан бери

Тынымсыз кызыл зонада иштейт

22

Ысык-Ата р-ну

Мамаева Бурул

ЦСМ

2019 жылдан бери

Мобилдик бригадада жана кызыл зонада иштеген

25

Бишкек шаары

Свердлов району

Ташбаева Майрам Маметовна

Бишкек шаардык кургак учука каршы оорукананын зкинчи бөлүмүнүн медайымы

 32жыл жалпы 9жылдан бери

Кызыл зонада жана күндүзгү стационарда иштеген.

26

Бишкек

Токтокожоева Жылдыз Шарипбековна

Республикалык Вирусология жана т коркунучтуу инфекциялар лабораториясы

29жыл

9жыл лаборант

Алдын алуу иштеринде жана лабораторияда активдүү иштеген.

27

Ысык Көл

Түп району

Тукешова Рымкан Асанкуловна

Түп аймактык ооруканасында, инфекция бөлүмүндө медайым

30 жыл, 8 жыл инфекцияда

Кызыл зонада иштеген.