Открыт прием заявок на участие в он-лайн сессии «Сила девочек в науке»

September 30, 2020, 06:14

Орто мектептерде, колледждерде, училище жана башка окуу жайларда 7-11-класстарда окуган кыздардын назарына!


Эгер сиз илимге, математикага, жана заманбап технологияларга кызыксаңыз, илим чөйрөсүндөгү ийгиликтүү айымдар менен таанышкыңыз келсе, бул мүмкүнчүлүк сиз үчүн!


Сиз 11-октябрь Эл аралык кыздар күнүндө "Илимдеги кыздар" долбоорунун алкагында алдыңкы айымдар менен өтө турган "Илимдеги кыздардын күчү" онлайн-сессиясынын катышуучуларынын бири боло аласыз. Биздин лозунг "Өзүңдү башкалардын чектелүү элестетүүсү менен чектебе".


Дискуссиянын катышуучусу болуш үчүн:

1. Бир мүнөттүк видео тартыңыз. Видеодо:
- сиздин илимге, математикага, технологияларга кызыгууңузду
- карантин маалындагы сабактарыңыз, тажрыйбаңызды
- илим, математика, технология тармагындагы билимди пандемия жана башка инфекцияларды токтотууда кантип пайдаланууга боло тургандыгын БАЯНДАП БЕРИҢИЗ
- өзүңүздүн чөйрөңүздө илим, математика, технология тармагындагы билимди колдонуп кандай позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасоо боюнча
- мектептеги илим тармагындагы дисциплиналарды кызыктуураак жана интерактивдүүрөөк кылуу жөнүндө идеяларыңызды бөлүшүңүз.

2. Видеону Instagram же Facebook социалдык тармагына жүктөңүз. #IDG2020 #GirlsInScience #ДевочкиВНауке #ИлимдегиКыздар хештегдерин коюңуз


3. Постуңуздун шилтемесин бизге aakimjanova@unicef.org дарегине жибериңиз


Өтүнмөлөрдү берүүнүн соңку күнү: 4-октябрь