Эл аралык Тынчтык күнүнө арналган Диалог болуп өттү

September 26, 2020, 08:27

Пост релиз

                Эл аралык Тынчтык күнүнө арналган Диалог болуп өттү


2020-жылдын 24-сентябрь күнү  Эл аралык  Тынчтык күнүнө карата  «Тынчтык-өнүгүү булагы» аталышындагы  Диалог онлайн форматында болуп өттү. Иш чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду  жана «Коомчулукту өнүктүрүү Альянсы» (CDA) тарабынан «Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү»долбоорунун алкагында уюштурулду.[1]


Эскерте кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Генералдык Ассамблеясы 1982-жылы 21-сентябрь күнүн Эл аралык Тынчтык күнү деп жарыялаган. Ал эми, 2001-жылдан баштап, Генералдык Ассамблея бул күндү жыл сайын эл аралык деӊгээлде зордук-зомбулуктан баш тартып, согуштарды токтотууга чакырган күн катары белгилѳѳнү чечкен. Бул күнү бүткүл дүйнѳ жүзү тынчтыктын идеалдарын улуттук жана эл аралык деӊгээлде даӊазалап келишет.


Иш чарага  КР экс-Президенти,  «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик Агенттиктин статс-катчысы Н.К. Алишеров, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Агенттиктеринин жетекчилери жана БУУ түзүмүнүн өкүлдөрү, жогоруда аталган долбоорго пилоттук болуп кирген өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, айылдардын активисттери, аялдар, жаштар кенештеринин, ишкердик жана жарандык сектордун, республиканын бардык региондорунан өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, чет жактарда эмгектенип жатышкан мекендештердин диаспора жетекчилери, өкүлдөрү, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Славян университетинин, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин эл аралык байланыш бөлүмдөрүнүн жетекчилери, окумуштуулары,  о.э. борбордук жана регионалдык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.


Иш чаранын максаты Эл аралык Тынчтык күнүнүн маанисине баа берүү жана аялзатынын ынтымакты жана тынчтыкты бекемдөөгѳ  кошкон салымын  белгилөө жана алардын бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жолдорун талкуулоо болду.


Диалог учурунда атайын куттуктоо сөзү менен сүйлөгөн  Р.И.Отунбаева эмгек миграциясында жүргөн кыз-келиндерге  терең билимдүү болгула,  чет тилдерди  билгиле, тил табышып, консенсуска барып  иштегенди үйрөнгүлө деп кайрылды жана    мээримдүү, маданияттуу жана билимдүү адамдардын  мүмкүнчүлүктөрү жогору болоорун  баса белгиледи.


Ошондой эле  куттуктоо сөзү менен  КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик Агенттиктин статс-катчысы Н.К.Алишеров да чыгып сүйлөдү.


Акын, А.Осмонов атындагы  сыйлыктын ээси Акбар Кубанычбеков   өзүнүн “Эне жүрөгү” ырын окуп берип,  дүйнөдөгү тынчтык  үйдөгү, жан дүйнө тынчтыгынан башталаарын белгиледи:

Жердин жүзүн чулгап мээрим шаңына,

Түгөл жетип, келчү күндүн таңына.

Кыргын, согуш болбойт эле эч качан,

Сеникиндей жүрөк берсе баарына

Диалог учурунда  КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик Агенттиктин  башкармалыгынын начальниги Д.У.Суюнов сөз сүйлоп, ал Агенттиктин этностор аралык чыр-чатактардын алдын-алуу жана болтурбоо системасы  жөнүндө айтып берди.


Ошондой эле Кыргызстандагы БУУнун “Аялдар” түзүмүнүн жетекчиси Улзийсурен Жамсран, Тынчтыкты куруу фондунун Кыргызстандагы өкүлү  У.Шабынов, «Жалпы  кызыкчылыктарды издөө» Эл аралык өкмөттүк эмес уюмунун Борбор Азия боюнча программалар директору К.Б.Сайназаров, Ош облусунун Ноокат районундагы “Бел” айыл өкмөтүнүн башчысы М.К. Дорбаев кызыктуу баяндама жасашты. Россиянын Свердлов облусундагы Екатеринбург шаарындагы «Кыргызстан-Урал» Кыргыз диаспорасынын төрайымы  Г.А. Долонбаева видео-кайрылуу менен чыкты, ал эми Москва шаарынан Сайрагүл Жолборсова өзүнүн тынчтык жөнүндөгү ырын көркөм окуп берди.

 

«Коомчулукту өнүктүрүу Альянсы» (CDA)тарабынан даярдалган аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө болгон  ГАЛС (Гендердик сезимтал иш-аракеттерди изилдөө системасынын) ыкмалары тууралуу видео-тасма  катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун  жаратты.


Иш чаранын катышуучулары  тынчтык тууралуу тынч мезгилде сүйлөшүүнүн баалуулугу, аялдардын, анын ичинде мигрант аялдардын  тынчтыкты куруу ишине катышуусунун мааниси,  бул багытта  мамлекет  жана коомдук уюмдар, жарандык активисттер тарабынан жасалып жаткан иштер жөнүндө кеңири талкууга алышты. Аялдардын тынчтыкты курууга кошуп жаткан салымы, позитивдүү тажырыйбалары  тууралуу  маалыматтарды жайылтуунун зарылдыгын белгилешти. 


Диалог соңунда тынчтыкты орнотууга ар бир адам, анын ичинде аялзаты, тигил же бул мекеме кандай салым кошуп жатканына арналган онлайн- сурамжылоонун жыйынтыгы  чыгарылды.  Натыйжада  респонденттердин 27,5% тынчтык күнун бегилөөгө катышкан, Респонденттердин көпчүлүгү Тынчтык күнүн белгилөөнү каалай турганын билдирип, чек арадагы ынтымакты камсыздоо, улуттар аралык мамилени чыңдоо, көп маданияттуулук багытындагы иш чараларды өткөрүүнү айыл өкмөттөр өз иш Планына киргизүүсү зарыл деген сунуштарды айтышкан. Сурамжылоонун анализин А.Ормонова кенири баяндады.  Ошондой эле “Тынчтык мен үчүн эмне?” аталышындагы онлайн сынактын да жыйынтыгы угулду,  сынактын баш байгесин  өз оюн мындай ыр түрүндө билдирген  Чон-Алай районунан Үпөл Исакова жеңип алды

Тынчтык мен үчүн чексиз байлык

Жашоодо үй-бүлөөңдү бөлөп бакыт

Коомдо өнүгүүнү камсыз кылган

Тынчтыкта өмүр сүрсүн элим жаркып

андан тышкары дагы  9 жаш үй-бүлөлөр  кызыктыруучу сыйлыктарга: Фонд тарабынан чыгарылган китептерге ( “Кыз китеп”, “Мурзаевден Пелеге чейин”, “Досторум конокко чакырат”, “Ынтымак сыры”, “Джон Кеннединин Каармандык өрнөктөрү”) татыктуу болушту.


https://www.facebook.com/110798740765679/

https://www.instagram.com/erkinay30/ 

контактное лицо 0552 85 57 10



[1] Долбоор тууралуу маалымат: Долбоордун донору:  БУУнун Тынчтык куруу Фонду, БУУнун аткаруучу агенттиктери: Миграция боюнча Эл аралык уюм/Кыргызстандагы Миграция боюнча БУУнун Агенттиги, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму, аткаруучу өнөктөштөрү: «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык  коомдук фонду, «CDA коомдук фонду (Коомчулукту  өнүктүрүү Альянсы), Тренерлер жана консультанттар Бирикмеси