Роза Отунбаева ДСУнун Жалпы европалык комиссиясынын мүчөсү болуп калды
August 28, 2020, 08:5926-августта КР экс-Президенти
жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Роза
Отунбаева «Ден соолук жана Туруктуу өнүктүрүү» Пан-Европалык комиссиясынын
Биринчи жыйналышына онлайн форматта катышты.
1. Саясаттын артыкчылыктарын
кайрадан аңдап-түшүнүү: ден соолук, экономиканы стимулдашыруу жана экологиялык
чечимдер.
2. Саламаттык сактоого жана
социалдык системаларга максаттуу инвестициялар.
3. Жаштарды гендердик маселелерди жана чабалдык көйгөйлөрүн
чечүүгө тартуу.
Эске сала кетели: Роза Отунбаева Ден соолук жана
туруктуу өнүктүрүү боюнча Жалпы
европалык комиссиясынын мүчөсү, комиссияны түзүүнү ДСУнун Европалык региондук бюросу демилгелеген.
Комиссиянын милдети пандемиялардын контекстинде
саясаттын артыкчылыктуу багыттарын кайрадан аңдап-түшүнүү болуп саналат.
Иш жүзүндөгү тиешелүү
маалыматтарды аныктап жана карап чыгып, Комиссия
COVID-19 пандемиясына ар түрдүү өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системалары кандай түрдө
аракеттенгенинен сабак алат жана медициналык жана социалдык тейлөө
системаларынын стресске туруктуулугун арттырууга багытталган инвестициялар жана
реформалар жагынан сунуштамаларды чыгарат.
Комиссия ошондой эле бул сунуштамалар жагынан консенсусту түзүү боюнча
иш жүргүзөт жана коомдук жана саясий артыкчылык катары медициналык жана
социалдык тейлөөнүн маанисин, анын ичинде туруктуу
өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө жана социалдык ынтымакты калыптандырууда анын маанилүү
ролун танууну арттырат.
Комиссияга Луиджи Боккони
атындагы Коммерциялык университеттин президенти, Италия Өкмөтүнүн мурдагы төрагасы жана
Европалык бирликтин мурдагы комиссары, профессор Марио Монти башчылык кылды.
Комиссиянын курамына мурдагы мамлекет жана өкмөт башчылары, жашоо жөнүндө илим
чөйрөсүндө иштеген көрүнүктүү илимпоздор жана экономисттер, медициналык жана
социалдык тейлөө чөйрөсүнө куратордук кылган водомство башчылары, ишкер чөйрөлөрдүн лидерлери жана финансылык
мекемелердин жетекчилери кирди.
Комиссия өз ишин 2021-жылдын сентябрында аяктоого жана өзүнүн жыйынтык баяндамасын көрсөтүүгө тийиш.