Кыргызстандын экс-президенти, төрт жолку тышкы иштер министри, АКШ менен Канададагы жана Улуу Британиядагы элчиси болгон Роза Отунбаева жетимиш жашка чыкты

August 22, 2020, 18:13

Кыргызстандын экс-президенти, төрт жолку тышкы иштер министри, АКШ менен Канададагы жана Улуу Британиядагы элчиси болгон Роза Отунбаева жетимиш жашка чыкты. Отунбаева Борбор Азия менен КМШ өлкөлөрүндө алгачкы аял президент катары таанымал. 2010-жылкы ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеген. Отунбаеванын дипломатиялык бай тажрыйбасы, эл аралык кадыр-баркы Кыргызстанды кыйчалыш маалда туңгуюктан алып чыгууга өбөлгө болгон. Ал 1950-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында төрөлгөн. Орто мектепти Ош шаарында алтын медаль менен аяктап, 1972-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн. 1975-жылы философия илимдеринин кандидаты даражасына ээ болгон.

Источник: https://www.azattyk.org