Кембридж университети Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаеваны чакырылган илимий кызматкери болууну сунуштады

August 19, 2020, 09:58

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын октябрь айына чейин Кембридж Университетинин Борбордук Азия боюнча Форумунун жана GCRF-COMPASS программасынын чакырылган илимий кызматкери болуп шайланды.


Кембридж университетинин Борбор Азия боюнча Форуму (GCRF) Борбор Азияны жана Евразияны изилдеп, үйрөнүү боюнча изилдөө борбору болуп саналат. Ал аталган регионду изилдөөгө өзүнүн ишмердигин арнаган Кембридж университетинин ар түрдүү департаменттеринин окумуштууларынын, изилдөөчүлөрүнүн жана студенттеринин башын бириктирип турат.