КР экс-Президенти Роза Отунбаева Covid-19 вирусуна каршы күрөшкө кайрадан өз салымын кошту

July 18, 2020, 10:21

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И. Отунбаева өзүнүн топтогон пенсия каражаттарынан Талас областынын ооруканасына – кызыл зонада иштеп жаткан доктурларга 150 000 сом жардам берди.


Эске сала кетсек, Роза Исаковна пандемиянын мезгилинде өз каражатынан биринчи жолу жардам берип жаткан жок – ал Ынтымак турак жай конушундагы күндүзгү стационарга 150 000 сомдон ашык каражатты которду, Нарын областына 1000 даана беткап жөнөтүлдү, буга чейин Р.И.Отунбаева коронавируска чалдыккан оорулууларды дарылап жаткан медициналык кзматкерлерди колдоо үчүн өзүнүн пенсиясынан 1 миллион сом бөлгөн.