“Санарип 50+” долбоору онлайн окутууларды баштайт

July 5, 2020, 22:13

2020-жылдын 6-июлунан тарта “Санарип 50+” долбоорунун тренерлери онлайн окутууларды өтө баштайт. Буга чейин окутуулар Бишкек шаарынын жана жаңы конуштардын тургундарына өткөрүлүп келген. Учурдагы абалга байланыштуу карантин учурунда бардык иштерди электрондук түрдө жүргүзүүгө мажбур болуудабыз. Андыктан улуу муундагы адамдардан баштап мектеп окуучуларына чейин санариптик ыкмаларды билүү өтө пайдалуу жана учурдун талабы экенин сездик.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду жана Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы (KICB) калктын санариптик көндүмдөрүн калыптандырууга көмөк көрсөтүүнү улантат.


Биздин окутуулардан сиз: 

  • СМАРТФОНДУН ФУНКЦИЯЛАРЫ ЖАНА ПАЙДАЛУУ ТИРКЕМЕЛЕРИ
  • СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР ЖАНА ИНТЕРНЕТТЕГИ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ
  • ЭЛЕКТРОНДУК ПОЧТА ЖАНА БУЛУТ САКТАГЫЧТАРЫ
  • ЭЛСОМ ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫК

жана башка тиркемелер менен иштөөнү өздөштүрөсүз.



Онлайн окутуулар ZOOM видеоконференция форматында өтүп турат жана бардык каалоочулар катыша алышат.