IT: Бир кызды илимге кызыктыруу да чоң жеңиш

May 29, 2020, 16:22

25-майда «Илим кыз» интерактивдүү мектебинде онлайн сабактар аяктады. Долбоордун уюштуруучулары - «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети. Бул ушуну менен бешинчи жыл катары мектеп жеткинчектерин билимге үндөп келген мыкты саамалык.

STEM (Science, Technology, Engineering, and Mathematics) - бул так, табигый, инженердик, техникалык илимдерге багыт берүүчү эл аралык демилге экенин азыр көп адамдар түшүнүп калышты.

Быйыл Германиядагы кыргызстандык IT адистер жана студенттер СТЕМ «Илим кыз» долбоорлорунда Кыргызстандагы кыздарга кыргыз тилинде мастер-класстарды өтүштү.

Эң негизги темаларыбыз - Интернет, уюк тиркемелери, маалымат базасы жана IT сабаттуулук болду. Аларды Германиядагы компьютер технологиясы тармагында иштеген Перизат Сүйүндүк кызы, Элнура Нуралиева, Нурзат Чынтемирова, Үмүт Муратбекова, Гүлбарчын Акбекова жана Толгонай Муратбекова кыргыз тилинде даярдашты.

Биздин баамыбызда, бул онлайн мектепке негизинен Бишкектин өзүнөн жана Чүй облусунан ата-энелер, кыздар активдүү катышып, эки жумалык окууларына катталышкан экен.

Башка облустардан мисалы Баткен, Ысык-Көл, Оштон катышкандар да болду, бирок өтө аз санда экен.

Тилекке каршы, айрым окуучу кыздардын Интернет байланышы өчүп, балким каражаты же мүмкүнчүлүк жетишпегени үчүнбү, акыркы сабактарга катыша албай калышканы өкүнүчтүү болду.

Ошентсе да билимге умтулган, чыйрак кыздар Интернет үзүлүп жатканына карабай, компьютери болбосо да, кичинекей чөнтөк телефондун жардамы менен сабактардан калбоого тырышканы бизди кубантты.

Менимче, кыргыз тилинде өтүп жаткан бул жакшы саамалыкка алыскы аймактардан, өзгөчө айыл жериндеги кыздар дагы көбүрөөк катышса абдан сонун болмок!

Сабак болуп жатканда окуучу кыздардын IT тармагына ынтызарлыгын, билим десе жайнаган көзүн көрүп, бул заманбап кесипке мотивация берүү биз үчүн сыймык болду. Эгер ушул сабактар аркылуу жок дегенде бир кыздын билимге, келечекке болгон көз карашын өзгөртө алсак, анда бул баарыбыздын жеңишибиз!

Антсе да келечектен үмүтүбүз зор жана Германиядагы жигердүү жаштардын тобу ушундай долбоорлорду колдоп, илим-билимге жана ITге кызыккан жаштардын көп болушуна тилектешпиз.

Германиядагы журтташтар, катышуучулар баардык уюштуруучуларга, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондуна, өзгөчө Анипа Усупкожоева, Догдургүл Кендирбаева эжелерибизге чоң ыраазычылык билдиребиз.
Өзгөчө айыл жериндеги ата-энелер кыздарын кийинки сабактарга каттатып, катышуусуна шарт түзүп берип турушат деген үмүттөбүз.

Айзада Акбекова, экономист-программист. Карлсруэ (Германия) жана Уотерфорд (Ирландия) университеттеринин информатика жана экономика факультеттеринин бүтүрүүчүсү.

Источник