Өлкөбүз боюнча виртуалдуу саякатыбыз аяктады!

May 27, 2020, 13:51

Кымбаттуу достор,  

Ошентип, биздин өлкөбүздүн 7 облусу боюнча виртуалдуу  саякатыбыз аяктады!


Эми сиз ар бир аймактын  үчтөн  көп өзгөчөлүгү  жөнүндө көбүрөөк билесиз деп  ишенебиз!


Биздин видео роликтерди  көргөндөн кийин сиз өзүңүздүн үй-бүлөңүз, досторуңуз же классташтарыңыз менен ушул жана башка кооз жерлерге баргыңыз келет деп үмүттөнөбүз.


Биздин китепти окуп берген Жылдыздар жарыялаган конкурска катышууну унутпаңыздар, ар бир видео роликтин  аягында шарттары  жөнүндө толук маалымат бар, жыйынтыгы  2020-жылдын 30-августунда чыгат!


Биздин саякат  “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан жана Кристенсен фондунун колдоосу менен чыгарылган "Кыргызстаныбыздыкыдырабыз" жана "Изучаем наш Кыргызстан" китебинин негизинде  ишке ашырылды.


Китепти чыгарууда чоң команда иштеди:

Идеясы жана демилгеси –Kлара Исак кызыныкы, китептин автору жана котормочусу  - А.Капалова, сүрөтчүсү - С.Марченко, дизайнери - К.Юсупова, редакторлору  - А.Чымырбаев (кыргыз тилинде) жана Т.Кузьмина (орус тилинде), илимий кеңешчиси - Г. Курманова, дизайны - АЯН Design.

Фотосүрөттү тарткандар: А.Абылов, А.Федоров, А.Жоробеков, А.Карсымбек, А.Капалова, В.Колченко, В.Ушаков, К.Юсупова, К.Исак кызы, М.Фоггин, М.Дудин, С.Марченко, Т.Зейналова.

  

КР Президенти тарабынан 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыяланганын эске алуу менен  биз карантин учурунда  (COV -19)  жогоруда аталган  китептердин негизинде видеороликтерди даярдоону чечтик. Бул иште  кайдыгер эмес  инсандар   өзүнүн көмөгүн көрсөтүштү,  ал үчүн биз:    

китепти окуп берген Жылдыздарга - У.Борченовко, К.Кубанычбековко, А.Шерге, Н.Айтбековага, Э.Рыскулбековко, У.Сапаровко, Э.Нурбаевге, Нэнага, А.Камчиевке, А.Волкодавка, А.Курмановага, С.Доолотбаковго жана Ю.Руцкаяга;
- биз колдонгон  сүрөттөр үчүн ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясына жана биздин китептин сүрөттөрү үчүн  И. Нурмамбетовко;
- биздин видеолорду  даярдоодо  жана монтаж жасоодо  чыгармачылык менен  иш алып баргандыгы үчүн CompAct тобуна чоң  ыраазычылык билдиребиз!


Кыргызстан тууралуу  тартылган  бул видеороликтер  бала бакчаларда жана мектептерде пайдалуу маалымат катары колдонулат. Ошондой эле  үй-бүлөнү бекемдөөгө,  жаратылышка карата камкор мамиленин   чыңдалуусуна жана ички туризмдин өнүгүүүсүнө өбөлгө түзүп, көптөгөн көрүүчүлөрдү / окурмандарды, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин балдарын кызыктыра алат  деп ишенебиз!  

 

Сиздин колдооңуз жана көңүл бурганыңыз  үчүн рахмат!

 

Мекениңди тааны, сүй жана сакта!


Урматтоо менен, 
К. Исак кызы, Н.Жээмбаева,  А.Яхнова,  А.Узбекова



Биздин виртуалдуу саякатты кыргыз тилинде төмөнкү ссылкалар аркылуу көрсөңүз болот:


"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Саякатка даярдануу.

"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Баткен облусу

"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Ош облусу

"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Жалал-Абад облусу

"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Ысык-Көл облусу

"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Нарын облусу

"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Чуй облусу

"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Талас облусу

"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Бишкек


Биздин виртуалдуу саякатты орус тилинде төмөнкү ссылкалар аркылуу көрсөңүз болот:


"Изучаем наш Кыргызстан": Собираемся в путешествие

"Изучаем наш Кыргызстан": Баткенская область

"Изучаем наш Кыргызстан": Ошская область

"Изучаем наш Кыргызстан": Джалал-Абадская область

"Изучаем наш Кыргызстан": Иссык-Кульская область

"Изучаем наш Кыргызстан": Нарынская область

"Изучаем наш Кыргызстан": Чуйская область

"Изучаем наш Кыргызстан": Таласская область

"Изучаем наш Кыргызстан": Бишкек